Баткен облусунда талкаланган үйлөр жыл аягына чейин калыбына келтирилет

Баткен облусунда талкаланган үйлөр жыл аягына чейин калыбына келтирилет

Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунун натыйжасында талкаланган үйлөр ушул жылдын аягына чейин калыбына келтирилет. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулуш жана калыбына келтирүү иштери башталган.

Андан тышкары, буга чейин президенттин, минкабдын, президенттик аппараттын чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Жунушалиев да Баткен облусунун жашоочулары менен жолугушууда үйлөр 26-сентябрдан баштап курула баштаарын билдирген.

«Жабыркаган турак-жайларды эл аралык уюмдардын өкүлдөрү карап чыгышты. Дүйшөмбүдөн баштап курулуш техникасы келет. Каржылоо республикалык бюджеттен бөлүнөт. Үйлөр кирпичтен салынып, чатырлары монолит менен жабылат. Бардык эски объектилер бузулуп, ордуна жаңылары тургузулат», – деди ал.

Эскерте кетсек, акыркы маалыматтар боюнча Баткен облусундагы чек аралык уруштун натыйжасында 62 жараныбыз каза болуп, 198 киши ар кандай жаракат алып, 430дан ашык үй, ошондой эле мектептер, бала бакчалар жана башка административдик имараттар талкаланып, бузулган. А эми 136 миң 770 жаран үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы