Беш жыл ичинде табигый кырсыктардан жапа чеккендерге 4 млрд сомдук жардам көрсөтүлгөн

Беш жыл ичинде табигый кырсыктардан жапа чеккендерге 4 млрд сомдук жардам көрсөтүлгөн

2017-жылдан 2022-жылдын сентябрына чейин жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга 4 млрд сомдон ашык акча берилген. Мындай маалыматты Финансы министрлиги жазды.

Министликтин маалыматы боюнча, 24.4 миң адамга жардам көрсөтүлгөн. Бузулган үйүн калыбына келтирүү же жаңы турак жай куруу үчүн жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендерге өз тандоосу боюнча 50 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам же 20 жылга чейинки мөөнөткө кайтарылып берилүүчү 200 миң сом берилет.

Финансы министрлиги 2018-жылдан тартып табигый кырсыктардан жапа чеккен калкка акысыз жардам көрсөтүү жана узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды берүү функциялары Финминге караштуу Финансы-кредиттик фондго өткөрүлүп берилгенин эске салды.

Ошентип, 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин аталган фонд тарабынан 4 миң адамга жалпысынан 221 млн сомго ипотекалык насыя жана акысыз жардам берилген. Алардын ичинен 2022-жылдын башынан бери 51 кишиге жалпы суммасы 2.5 млн сомдук ипотекалык насыя жана бир жолку акысыз жардам көрсөтүлгөн.

Каражаттардын жүгүрүүсүн ачык-айкын кылуу максатында каражаттар түздөн-түз алуучулардын эсептешүү счётуна которулат.

Мындан тышкары окуңуз

Сот аткаручуулар кызматы 10 млн сомдон ашык карызды өндүрдү

Сот аткаручуулар кызматы 10 млн сомдон ашык карызды өндүрдү

Ош шаары боюнча Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматы "Гранит ЛТД" ЖЧКдан 10 млн 637 миң 455 сом өлчөмүндө карыз өндүрүп алганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өндүрүү Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 3-сентябрындагы аткаруу барагынын негизинде, Ош шаардык салык кызматынын пайдасына жүргүзүлгөн. Кызматтын маалыматы боюнча, сумма толук

“B5+1” Борбор Азия – АКШ бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады

“B5+1” Борбор Азия – АКШ бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады

Бишкек шаарында 211 компаниялардын жана уюмдардын 400гө жакын өкүлдөрү катышкан “B5+1” Борбор Азия – АКШ бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады. Алардын арасында жаңы чечимдерди, рынокторду жана кызматташуунун жаңы форматтарын калыптандырган алдыңкы жана ири компаниялар болгон. Форумдун ишине регион өлкөлөрдөн жана Америка Кошмо Штаттарынын төмөнкүдөй бизнес-делегациялар катышты: - Кыргызстан – 80 компания жана

Электромобилдер дүйнөдө электр энергиясына болгон муктаждыкты 31,7%га жогорулатты

Электромобилдер дүйнөдө электр энергиясына болгон муктаждыкты 31,7%га жогорулатты

Корей аналитикалык компаниясы SNE Research өз отчетунда электромобилдердин (EV, PHEV, HEV) дүйнөлүк батарейкалары аркылуу сакталган энергиянын көлөмү өткөн жылы 1 187 гигаватт-саатка жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 31,7%га өскөнүн маалымдады. Кытайлык CATL компаниясы электромобилдер үчүн батарейкалар базарында лидерликти сактап калды. 2025-жылы анын батарейкалары аркылуу сакталган энергия 464,7 гигаватт-саатты түздү,

Италия кышкы Олимпиада оюндарынын дарядыгына  5 млрд доллар сарптады

Италия кышкы Олимпиада оюндарынын дарядыгына 5 млрд доллар сарптады

Милан жана Кортине-д’Ампеццо шаарларында өтчү 2026-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына даярдык чыгымдары материалдардын баасынын өсүшү жана кыска мөөнөттөгү курулуштар себептүү баштапкы пландан бир топ кымбатыраак болгону маалымдалды деп жазат Reuters. Уюштуруу комитетинин башкы директору Андреа Варнье белгилегендей, даярдыкка каралган бюджет бир нече эсе көбөйгөн. 2019-жылы оюндарды өткөрүүгө арыз бергенде чыгымдар