Бишкекте баткендиктер үчүн төрт консультациялык борбор ачылды

Бишкекте баткендиктер үчүн төрт консультациялык борбор ачылды

Баткен облусунун тургундары үчүн Бишкекте төрт консультация борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда, борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитет белгилегендей, Бишкек шаарында Баткен облусунун тургундары үчүн республикалык штабдын ишинин аякташына байланыштуу төмөнкү кызматтар ачылды:

  • Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Жибек Жолу проспектиси, 495. Телефон: 0 (312) 670433, 0700 020167.
  • Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Чүй проспектиси, 28. Телефон: 0(312) 530368, 0702148830.
  • Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Байтик Баатыр көчөсү, 17. Телефон: 0312 51-02-63, 57-04-59.
  • Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Литвенко көчөсү, 2. Телефон: 0 (312) 653748, 653926.

Мэриянын басма сөз кызматы белгилегендей, Бишкек мэриясы тарабынан республикалык штабдын материалдык-техникалык жактан жабдылышы камсыз кылынып, мэриянын жана муниципалдык администрациялардын кызматкерлери жарандардан түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алуу, каттоо жана жөнөтүү боюнча күнү-түнү нөөмөт өтөп жатышат.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы