ЕЭК Кеңеши 2023-жылдын апрелине чейин 370 товарга бажы алымдарын алып салды

ЕЭК Кеңеши 2023-жылдын апрелине чейин 370 товарга бажы алымдарын алып салды

23-сентябрда минкаб башчысынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москвада Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Кеңешинин жыйынын өткөрдү. Күн тартибинде 60 маселе көтөрүлүп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода боюнча жана импорттун ордун толтуруу боюнча биргелешкен долбоорлор боюнча баяндамалар угулду, деп билдирет минкаб басма сөз кызматы.

Белгиленгендей, отурумдун жүрүшүндө 2021-жылкы ЕАЭБдеги мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногу боюнча отчёт каралды.

Ошондой эле жалпы газ рыногун түзүү маселеси каралды. Программада ЕАЭБ мамлекеттеринин аймактарында жайгашкан газ өткөрүү тутумдарына кирүүнүн бирдиктүү эрежелерин камтыган эл аралык келишимдин долбоорун иштеп чыгуу каралган.

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин отурумунда:

  • ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери талкууланды.
  • Сейрек кездешүүчү ооруларды дарылоо үчүн орфандык жана жогорку технологиялык дары препараттарды маркировкалоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасы бекитилди.
  • ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча кырдаал талкууланды.
  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык туруктуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларынын мөөнөтү узартылды.
  • 2023-жылдын 1-апрелине чейин бажы төлөмдөрүн нөлгө түшүрүү боюнча 471 товардын 370и колдоого алынып, аларга бажы төлөмдөрү алынып салынды.
  • Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу боюнча техникалык регламентке өзгөртүүлөр киргизилди.
  • Климаттык күн тартибинин алкагында “ЕАЭБтин Жол картасы” боюнча маселе каралды.
  • “ЕАЭБ – Индонезия” экономикалык форумун 2023-жылы өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды.
  • 20-21-октябрда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибинин долбоору бекитилди.

Минкаб басма сөз кызматы билдиргендей, ЕЭК Кеңешинин кийинки жыйыны 7-октябрда видеоконференция түрүндө өтмөкчү.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы