Контрафакт менен күрөшүү үчүн өзгөчө механизмдер керек - Акылбек Жапаров

Контрафакт менен күрөшүү үчүн өзгөчө механизмдер керек - Акылбек Жапаров

Контрафакт менен күрөшүү үчүн бардык деңгээлдерде өркүндөтүлгөн жана өзгөчө механизмдерди иштеп чыгуу жана киргизүү зарыл. Бул тууралуу “Антиконтрафакт-2022” X юбилейдик эл аралык форумда минкаб төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Минкаб башчысы белгилегендей, мыйзамсыз өндүрүү, контрафакттык жана фальсификацияланган продукцияны колдонуу тармагында жүгүргөн каражатты баңги заттарды жана курал-жарактарды сатуу, ошондой эле мунай өндүрүүдөн түшкөн киреше менен салыштырууга болот.

«Контрафакт ири өндүрүүчүлөргө гана эмес, кичи жана орто бизнеске да зыян келтирип, ал эми Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин бюджети жыл сайын миллиарддап түшө турган потенциалдуу салыктардан куру калып жатат», – деди ал.

Жапаров интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жана контрафакттык продукцияга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдык базага көңүл бурду.

«Жаңы жагдайлар жана сыноолор контрафакт менен күрөшүүдө бардык деңгээлдерде бир кыйла өркүндөтүлгөн жана өзгөчө механизмдерин иштеп чыгууну жана киргизүүнү талап кылат. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдары менен бизнес-коомчулуктарынын, эл аралык, илимий, билим берүү уюмдарынын, укук ээлеринин, ар кайсы өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда бирдей чыгармачылык кызматташтыкты түзмөйүнчө, продукциянын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө натыйжалуу каршы туруу, интеллектуалдык менчик объекттерине болгон укуктарды коргоо мүмкүн эместиги ачык көрүнүп турат», – деп жыйынтыктады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы