Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Кыргызстан менен Мальдив визасыз режим орноткону жатышат

Бактынур Абдиева

Минкаб жана Мальдив Республикасынын өкмөтү эки тараптын тең визалык талаптарын алып салуу боюнча келишимге кол коюшту. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мальдив Республикасынын тышкы саясат боюнча ведомствосунун башчысы Абдулла Шахид менен жолугушкандыгы тууралуу ТИМ маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу 2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында өткөндүгү белгиленди.

«Макулдашууга ылайык, жалпы жарандык паспорттору, ошондой эле дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар Кыргызстан менен Мальдив Республикасынын жарандары кирүү, чыгуу, транзит жана 30 (отуз) күнгө чейин убактылуу жүрүү үчүн визалык талаптардан бошотулат», – деп айтылат билдирүүдө.

Эки тарап өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөбүз деген ниетин билдиришти.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости