Бишкекте үйлөр мындан ары да кымбаттай берет - эксперт

Бишкекте үйлөр мындан ары да кымбаттай берет - эксперт

«Эмарк Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов Economist.kg-ге россиялыктардын Кыргызстанга агылып келишинен улам ижаранын жана кыймылсыз мүлктүн баасынын көтөрүлүшү тууралуу айтып берди.

Анын айтымы боюнча, ижара акысы чындап эле дээрлик эки эсеге кымбаттаган. Ал эми сатылып жаткан турак жайларды алсак, эскирээк батирлердин баасы кескин көтөрүлдү деп эсептейт эксперт.

«Жаңы үйлөрдүн баасы да көтөрүлөт, бирок жайыраак. Акыркы жылдары көптөгөн факторлор пайда болду: пандемия, Россиядагы жана Украинадагы кырдаал. Ал эми болжолдоолор боюнча кыймылсыз мүлктүн кымбатташы уланат. Чыгымдар өсүп, логистикалык система да бузулду, анткени учурда өлкөлөрдүн экономикасы өзгөрүп, жаңыча түзүлүп жатат», – деди Акматов.

Мындан тышкары, анын айтымында, курулуш материалдары орточо эсеп менен бир чарчы метрине 150 долларга кымбаттаган. Кыргызстан аларды негизинен Россиядан сатып алгандыктан, бааларга Россияга каршы киргизилген санкциялар таасир эткен.

Эскерте кетсек, буга чейин Economist.kg маалымдагандай, house.kg сайтынын аналитиктеринин айтымында, Бишкектеги батирлердин орточо баасы акыркы айда 168 долларга өсүп, 866 долларды түзгөн, бул бүткүл байкоолордун тарыхындагы абсолюттук рекорд.

Россиялыктардын келиши Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири тууралуу кененирээк материалыбыздан окуңуз:

Россиялыктардын агылып келиши Кыргызстандын экономикасына кандай таасир этет?

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы