КР элчилиги: Россиянын ИИМ эмгек мигранттарын мобилизациялоо боюнча буйругу - калп

КР элчилиги: Россиянын ИИМ эмгек мигранттарын мобилизациялоо боюнча буйругу - калп

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги дагы бир жолу кыргызстандыктарды такталбаган маалыматка ишенбөөгө, ошондой эле чындыкка дал келбеген кабарларды таратпоого чакырат.

Россиянын ИИМи иштегени келген жарандарды мобилизациялоо боюнча деген буйругунун таралышынан улам дипломатиялык өкүлчүлүк коомго кайрылды. Алсак, таратылган документте РФ ИИМ Миграция департаментине Россиянын аймагында убактылуу жүргөн жана иштеген чет элдик жарандарды мобилизациялоо үчүн аскерге чакыруу механизмин иштеп чыгууну тапшырганы айтылат. Эгерде чет элдиктер чакыруу кагаздарын алууга жана Россиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзүүгө макул болбосо, алар иштөөгө уруксатын жокко чыгарып, 5 жылдан кем эмес убакытка Россияга кирүүгө тыюу салат.

Буга байланыштуу Кыргызстандын элчилиги анда көрсөтүлгөн маалыматтардын баары чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы