Минкаб Баткендеги жабыркаган үйлөрдү оңдоого 300 миң сомдон бөлүүнү тапшырды

Минкаб Баткендеги жабыркаган үйлөрдү оңдоого 300 миң сомдон бөлүүнү тапшырды

Минкаб тиешелүү органдарга үйлөрү талкаланган жана капиталдык оңдоого муктаж жарандарга эки этап менен 300 миң сомдон бир жолку материалдык жардамды атайын эсептен бөлүп берүүнү тапшырды.

Бул тууралуу Баткен жана Ош облустарында Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жапа чеккен аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында белгилүү болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, үйлөрү жабыркаган, бирок капиталдык оңдоого муктаж үйлөрдүн категориясына кирбей калган жарандарга 100 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүлөт.

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров суук түшкөнгө чейин жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү керектигин айтты. Бул үчүн Ош жана Жалал-Абад облустарынан керектүү атайын техникалар жана адистер чакырылат.

«Турак жайларды калыбына келтирүү иштери тез арада жүргүзүлүшү керек. Баткен жана Лейлек районунун тургундарына өзгөчө мамиле жасалат, алар бардык зарыл нерселер менен толук камсыз болушу керек. Атайын эсепке жарандардан 307 млн сом түшкөн. Бул каражаттардын ар бир тыйыны Баткен облусунун тургундарына берилет. Бул маселени мен өзүм көзөмөлдөйм», – деди ал.

Мамлекеттик комиссиянын отурумунун жыйынтыгында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы