Салык кызматы салык төлөбөгөн батир ээлери жөнүндө билдирүүгө чакырат

Салык кызматы салык төлөбөгөн батир ээлери жөнүндө билдирүүгө чакырат

Салык кызматы батир же үй ижарага берген жеке жактар ​​КР салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөгө милдеттүү экенин эскертет. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда, Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыймылсыз мүлктүн ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт экендиги айтылды. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (жөнөкөйлөтүлгөн салык салуунун системасы) же жалпы негизде төлөсө болот. Салык төлөнбөгөн учурда мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Ушуга байланыштуу Салык кызматы бардык жарандарды турак жайларды салык төлөбөй ижарага бергендер жөнүндө 0312 61 31 89, 0779 61 31 89 (Whatsapp), 116 телефондору боюнча, ошондой эле аймактык салык органдарына билдирүүгө чакырат.

Басма сөз кызматы белгилегендей, 2022-жылдын 8 айында батир же үй бергендер патенттин негизинде 33.9 млн сом салык төлөшкөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.8 млн сомго көп.


Эскерте кетсек, Россияда жарыяланган мобилизацияга байланыштуу россиялыктардын агылып келишинен улам Кыргызстанда кыймылсыз мүлк бир топ кымбаттаган. House.kg сайтынын маалыматы боюнча, мурда чыгарылган жарнамалардын ээлеринин 15%га жакыны акыркы 7 күндүн ичинде ижара акысын орто эсеп менен 162 долларга көтөргөн.

Кыргызстандыктар батирлерин орустарга кымбатыраак ижарага берүү үчүн арендаторлорду кууп чыгып же деги эле батирдин баасын көтөрө башташкан. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев батирден чыгарылган жарандарга Салык кызматына арыздангыла деген кеңеш берген. Ал ошондой эле батирдин аянтына жараша турак жайды ижара берүүгө салык киргизүүнү сунуштаган.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы