ЖК комитети Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен 30 млн долларга кредиттик келишимдин долбоорун жактырды

ЖК комитети Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен 30 млн долларга кредиттик келишимдин долбоорун жактырды

Бүгүн, 3-октябрда, Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун карап чыгып, жактырды.

Насыянын суммасы 30 млн долларды түзөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин айтымында, бул долбоордун максаты экономикалык кризистин аз кирешелүү үй-бүлөлөргө жана эмгек мигранттарына тийгизген таасирин жеңилдетүү, ошондой эле социалдык жардам көрсөтүү жана эмгек рыногунун программаларынын ишин жакшыртуу болуп саналат.

Мындан тышкары, Макулдашуунун долбоору социалдык коргоо системасын чыңдоого, калктын айрым топторун колдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга, жакыр жана аялуу катмардагы жаштардын кесипкөйлүгүн өстүрүүгө жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Базарбаев ошондой эле бул келишимдин алкагында жаштардын квалификациясын жогорулатууга жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга багытталган иш-чаралар каржылана турганын тактады.

Мындан тышкары окуңуз

Сот аткаручуулар кызматы 10 млн сомдон ашык карызды өндүрдү

Сот аткаручуулар кызматы 10 млн сомдон ашык карызды өндүрдү

Ош шаары боюнча Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматы "Гранит ЛТД" ЖЧКдан 10 млн 637 миң 455 сом өлчөмүндө карыз өндүрүп алганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өндүрүү Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 3-сентябрындагы аткаруу барагынын негизинде, Ош шаардык салык кызматынын пайдасына жүргүзүлгөн. Кызматтын маалыматы боюнча, сумма толук

“B5+1” Борбор Азия – АКШ бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады

“B5+1” Борбор Азия – АКШ бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады

Бишкек шаарында 211 компаниялардын жана уюмдардын 400гө жакын өкүлдөрү катышкан “B5+1” Борбор Азия – АКШ бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады. Алардын арасында жаңы чечимдерди, рынокторду жана кызматташуунун жаңы форматтарын калыптандырган алдыңкы жана ири компаниялар болгон. Форумдун ишине регион өлкөлөрдөн жана Америка Кошмо Штаттарынын төмөнкүдөй бизнес-делегациялар катышты: - Кыргызстан – 80 компания жана

Электромобилдер дүйнөдө электр энергиясына болгон муктаждыкты 31,7%га жогорулатты

Электромобилдер дүйнөдө электр энергиясына болгон муктаждыкты 31,7%га жогорулатты

Корей аналитикалык компаниясы SNE Research өз отчетунда электромобилдердин (EV, PHEV, HEV) дүйнөлүк батарейкалары аркылуу сакталган энергиянын көлөмү өткөн жылы 1 187 гигаватт-саатка жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 31,7%га өскөнүн маалымдады. Кытайлык CATL компаниясы электромобилдер үчүн батарейкалар базарында лидерликти сактап калды. 2025-жылы анын батарейкалары аркылуу сакталган энергия 464,7 гигаватт-саатты түздү,

Италия кышкы Олимпиада оюндарынын дарядыгына  5 млрд доллар сарптады

Италия кышкы Олимпиада оюндарынын дарядыгына 5 млрд доллар сарптады

Милан жана Кортине-д’Ампеццо шаарларында өтчү 2026-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына даярдык чыгымдары материалдардын баасынын өсүшү жана кыска мөөнөттөгү курулуштар себептүү баштапкы пландан бир топ кымбатыраак болгону маалымдалды деп жазат Reuters. Уюштуруу комитетинин башкы директору Андреа Варнье белгилегендей, даярдыкка каралган бюджет бир нече эсе көбөйгөн. 2019-жылы оюндарды өткөрүүгө арыз бергенде чыгымдар