Астанада КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Астанада КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Алар:

  1. 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө (Эскертүү — КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө)
  2. Аткаруу комитетинин төрагасы — КМШ Аткаруу катчысы жөнүндө
  3. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө
  4. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин өнүктүрүүдө КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын ролу жөнүндө
  5. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алдында түзүлгөн орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм жөнүндө
  6. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2024-жылды — Ыктыярчылар кыймылынын жылы, 2025-жылды — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы — Нацизмге каршы күрөшүүдөгү тынчтык жана биримдик жылы, 2026-жылды — Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо тууралуу
  7. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу жөнүндө
  8. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу тууралуу макулдашуу жөнүндө
  9. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин 2023-2025-жылдарга карата терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы жөнүндө
  10. Эркин соода кызмат көрсөтүүлөрү, инвестиция түзүү, анын ишмердиги жана аны ишке ашыруу тууралуу макулдашуунун долбоорун даярдоо жөнүндө
  11. 2024-жылы Санкт-Петербург шаарын (Россия Федерациясы) Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө
  12. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна байкоочу макамын берүү жөнүндө
  13. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Адам укуктары боюнча комиссиясы жөнүндө
  14. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө
  15. КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын маданият чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу билдирүүсү жөнүндө
  16. КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын климат чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу билдирүүсү жөнүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылында Зындан тоо көлүнөн коргоочу 284 метрлик дамба курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Курулуш иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбору тарабынан жүргүзүлүп, ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоору аркылуу каржыланды. Бул долбоор Борбор Азия өлкөлөрүндө калктын климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына белгиленбеген жерге таштанды ыргытылгандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Инспекциядан билдиришкендей, кызматкерлер окуя болгон жерге барып текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө таштандыларды "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлери жерге төккөнү аныкталган. Бул факты боюнча кафеге карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен 17 000 сом айып пул

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент ачылыш аземине катышып, кызыл тасманы кести. Жаңы имарат үч кабаттан турат жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө арналган. Биринчи кабатта жарандарды тейлөө борбору жайгашкан, экинчи кабатта — кеңселер. Жертөлө бөлүгүндө 150 орундуу заманбап кинотеатр жабдылган. Садыр Жапаров жаңы имараттын ачылышы менен кызматкерлерди куттуктап,

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча