Астанада Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун жолугушуусу өттү

Астанада Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун жолугушуусу өттү

Астана шаарында кечээ, 13-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы Владимир Путинге бул биргелешкен жолугушууну өткөрүү жана орун алган көйгөйлүү маселелерди ишеним артуу менен талкуулоо демилгеси, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду.

“Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салды”, – деп айтылат маалыматта.

Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылында Зындан тоо көлүнөн коргоочу 284 метрлик дамба курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Курулуш иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбору тарабынан жүргүзүлүп, ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоору аркылуу каржыланды. Бул долбоор Борбор Азия өлкөлөрүндө калктын климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына белгиленбеген жерге таштанды ыргытылгандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Инспекциядан билдиришкендей, кызматкерлер окуя болгон жерге барып текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө таштандыларды "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлери жерге төккөнү аныкталган. Бул факты боюнча кафеге карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен 17 000 сом айып пул

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент ачылыш аземине катышып, кызыл тасманы кести. Жаңы имарат үч кабаттан турат жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө арналган. Биринчи кабатта жарандарды тейлөө борбору жайгашкан, экинчи кабатта — кеңселер. Жертөлө бөлүгүндө 150 орундуу заманбап кинотеатр жабдылган. Садыр Жапаров жаңы имараттын ачылышы менен кызматкерлерди куттуктап,

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча