Салык кызматы төлөөчүлөрдү акысыз тейлеш керек - болбосо иштен айдалат

Салык кызматы төлөөчүлөрдү акысыз тейлеш керек - болбосо иштен айдалат

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) аймактык салык органдарына Бирдиктүү терезелерге кайрылган төлөөчүлөргө иш регламентинде белгиленгендей акысыз негизде гана кызмат көрсөтүүнү тапшырганын билдирди.

Акысыз кызмат көрсөтүүгө маалымкаттарды жана чечимдерди берүү, отчеттун формаларын басып чыгаруу, документтерди ксерокөчүрмөсүн берүү жана башкалар кирет.

Мындан тышкары, аймактык салык органдарынын имараттарына салык төлөөчүлөргө акы төлөө негизинде кызмат көрсөтүүчү башка уюмдарды, ишкерлерди же жеке жактарды (салыктардын жана төлөмдөрдүн суммасын кабыл алган финансы-кредиттик мекемелерден тышкары) жайгаштырбоо тапшырылды.

Салык кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир кызмат көрсөткөндүгү үчүн акча каражаттарын алуу, ошондой эле салык органынын имаратында башка уюмдар жана ишкерлер тарабынан акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү фактысы аныкталган учурда, жетекчилерге карата жумуштан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары көрүлөт.

“Салык кызматына кайрылган ар бир салык төлөөчү акысыз негизде салыктык кызмат көрсөтүүнү, анын ичинде консультациялык кызматты пайдаланууга укуктуу. Ар бир салыкчы “салык кызматы – салык төлөөчүнүн кызыкчылыгы үчүн” принцибин бекем карманып, аларга салык милдеттенмелерин өз убагында жана толук өлчөмдө аткаруусуна жардам бериши керек”, – дейт МСКнын төрагасы Абдувапов.

  • Мамлекеттик салык кызматы салыкчылардын мыйзамсыз иш-аракеттери байкалган учурда салык төлөөчүлөрдү (0312)613189, (0779)613189 (Whatsapp) ишеним телефонуна кайрылууга чакырат, анда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылында Зындан тоо көлүнөн коргоочу 284 метрлик дамба курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Курулуш иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбору тарабынан жүргүзүлүп, ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоору аркылуу каржыланды. Бул долбоор Борбор Азия өлкөлөрүндө калктын климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына белгиленбеген жерге таштанды ыргытылгандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Инспекциядан билдиришкендей, кызматкерлер окуя болгон жерге барып текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө таштандыларды "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлери жерге төккөнү аныкталган. Бул факты боюнча кафеге карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен 17 000 сом айып пул

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент ачылыш аземине катышып, кызыл тасманы кести. Жаңы имарат үч кабаттан турат жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө арналган. Биринчи кабатта жарандарды тейлөө борбору жайгашкан, экинчи кабатта — кеңселер. Жертөлө бөлүгүндө 150 орундуу заманбап кинотеатр жабдылган. Садыр Жапаров жаңы имараттын ачылышы менен кызматкерлерди куттуктап,

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча