«Бакай Банк», «Дос-Кредобанк» жана «Компаньон» россиялык «Мир» карталарын тейлөөнү токтотту

«Бакай Банк», «Дос-Кредобанк» жана «Компаньон» россиялык «Мир» карталарын тейлөөнү токтотту

Кыргызстандын үч коммерциялык банкы Россиянын “Мир” төлөм системасынын карталарын тейлөөнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган банктардын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, “Компаньон” банкы биринчилерден болуп Россиянын айрым банктарынын “Мир” карталарын тейлөөнү токтотуп жатканын билдирген.

Кийинчерээк “Бакай Банк” менен “Дос-Кредобанк” дагы УТКС (Улуттук төлөм карта системасы) “Мир” карталарын банк аппараттарында кабыл алууну жана тейлөөнү токтотконун жарыялашкан.

Улуттук банктын билдирүүсүнө ылайык, өлкөнүн коммерциялык банктары кайсы төлөм системасы менен кызматташууну өздөрү чечет.

Белгилей кетсек, буга чейин “Мир” төлөм системасынын төрт өнөктөш өлкөнүн – Казакстандын, Армениянын, Түркиянын жана Вьетнамдын банктары алардын карталарын тейлөөдөн баш тартышкан. Кошумчалай кетсек, техникалык себептерден улам тейлөө убактылуу токтотулганын Өзбекстан да кабарлаган.

Мындан тышкары окуңуз

2025-жылы инфляциянын ылдамдашына эмне себеп болду?

2025-жылы инфляциянын ылдамдашына эмне себеп болду?

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары инфляциянын тездешине кошумча ички жана тышкы факторлор таасир эткен. Биринчиден, калктын кирешелеринин өсүшү олуттуу роль ойногон. 2024-жылдын жыйынтыгында номиналдык эмгек акы 14,1%га, реалдуу эмгек акы 8,6%га өскөн. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында өсүү уланган, тагыраагы, номиналдык эмгек акы 19,2%га,

Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

"Борбордук Азия + Япония" бизнес-форумунун алкагында Казакстан менен Япония жалпы суммасы 3,7 миллиард доллардан ашкан 60тан ашуун документке кол койгонун Tengrinews.kz маалымдады. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Токиодо өткөн мындай маанилүү форум өлкө үчүн жана жалпы Борбордук Азия аймагы үчүн өзгөчө мааниге ээ окуя болуп саналат. Анын

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Өлкө башчыны Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортунан губернатор Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин жолугушуусу пландаштырылган. Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан аймагында өндүрүлгөн товарлардан түшкөн акциз салыгынын көлөмү 4 млрд 440,1 млн сомду түздү. Жылдык план боюнча 4 млрд 668 млн сом болмок экендиги Мамлекеттик салык кызматынын аналитикалык отчетунда айтылат. Бирок, план 95,1% аткарылган. Ошол эле учурда, жылдык салыштырма көрсөткүчтөрдө акциздик түшүүлөр оң