Баткен облусун калыбына келтирүүгө бюджеттен 8.5 млрд сомго чейин каражат бөлүнөт

Баткен облусун калыбына келтирүүгө бюджеттен 8.5 млрд сомго чейин каражат бөлүнөт

Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар тууралуу маалыматты бүгүн, 19-октябрда парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров облусту өнүктүрүүгө, анын ичинде турак жайларды, социалдык инфраструктура объектилерин, жолдорду калыбына келтирүүгө, жабыркагандарга компенсацияларды төлөөгө бюджеттен 6 миллиарддан 8.5 млрд сомго чейин каражат бөлүү пландалып жатканын белгиледи.

Эске салсак, 14-17-сентябрь күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында аскердик кагылышуу болгон. Кагылышуу учурунда Кыргызстанда 59 адам каза болгон.

Баткен облусундагы абалды калыбына келтирүүнүн алкагында Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп, 640 турак үйдү оңдоо, кайра курула тургандыгын аныкташкан. Анын ичинен 423ү жашоого жараксыз, 217си оңдоп-түздөөгө муктаж абалда.

Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көлдүн Туура-Суу айылында селден коргоочу дамба курулду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылында Зындан тоо көлүнөн коргоочу 284 метрлик дамба курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Курулуш иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбору тарабынан жүргүзүлүп, ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоору аркылуу каржыланды. Бул долбоор Борбор Азия өлкөлөрүндө калктын климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына белгиленбеген жерге таштанды ыргытылгандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Инспекциядан билдиришкендей, кызматкерлер окуя болгон жерге барып текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө таштандыларды "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлери жерге төккөнү аныкталган. Бул факты боюнча кафеге карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен 17 000 сом айып пул

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Президент Садыр Жапаров Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент ачылыш аземине катышып, кызыл тасманы кести. Жаңы имарат үч кабаттан турат жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө арналган. Биринчи кабатта жарандарды тейлөө борбору жайгашкан, экинчи кабатта — кеңселер. Жертөлө бөлүгүндө 150 орундуу заманбап кинотеатр жабдылган. Садыр Жапаров жаңы имараттын ачылышы менен кызматкерлерди куттуктап,

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча