Финансы министрлиги Баткен облусуна 210 млн сом которду

Финансы министрлиги Баткен облусуна 210 млн сом которду

Финансы министрлиги Баткен облусуна 210 млн сом которду: 100 млн сом тургундарды колдоого жана оңдоо иштерине, 110 млн сом чек ара аймактарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев билдирди, деп маалымдайт ведомствонун басма сөз кызматы.

Анын айтымында, облустун буга чейин быйылкы жылга бекитилген бюджети 4 млрд 197 млн сомду түзгөн. Андан тышкары, сентябрь айында өнүктүрүү программасы боюнча токтом чыгып, анда Баткен үчүн 500 млн сом каралган.

Сүйналиев ошондой эле минкаб буйругунун негизинде капиталдык салымдардын көлөмү 3 млрд сомго көбөйтүлгөнүн белгиледи.

«Бүгүнкү күнгө карата Финансы министрлиги 1 млрд сом которду. Бул акчаны пайдалануунун жыйынтыгында жергиликтүү бийлик бизге кайрылса болот, андан кийин кошумча каражат берилет. Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги Баткен облусун жана жабыркаган аймактарды каржылоого даяр», – деди министрдин орун басары.

Сүйналиев жабыр тарткан аймактар ​​үчүн ыктыярчылардын жардамын чогулткан атайын эсеп ачылганын, ага 327 млн сом түшкөнүн эске салды. Анын ичинен 84 млн сом которулган. Бөлүнгөн акчаны Баткен облусундагы өкүлчүлүк тескейт.

Мындан тышкары окуңуз

Сот аткаручуулар кызматы 10 млн сомдон ашык карызды өндүрдү

Сот аткаручуулар кызматы 10 млн сомдон ашык карызды өндүрдү

Ош шаары боюнча Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматы "Гранит ЛТД" ЖЧКдан 10 млн 637 миң 455 сом өлчөмүндө карыз өндүрүп алганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өндүрүү Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 3-сентябрындагы аткаруу барагынын негизинде, Ош шаардык салык кызматынын пайдасына жүргүзүлгөн. Кызматтын маалыматы боюнча, сумма толук

“B5+1” Борбор Азия – АКШ бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады

“B5+1” Борбор Азия – АКШ бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады

Бишкек шаарында 211 компаниялардын жана уюмдардын 400гө жакын өкүлдөрү катышкан “B5+1” Борбор Азия – АКШ бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады. Алардын арасында жаңы чечимдерди, рынокторду жана кызматташуунун жаңы форматтарын калыптандырган алдыңкы жана ири компаниялар болгон. Форумдун ишине регион өлкөлөрдөн жана Америка Кошмо Штаттарынын төмөнкүдөй бизнес-делегациялар катышты: - Кыргызстан – 80 компания жана

Электромобилдер дүйнөдө электр энергиясына болгон муктаждыкты 31,7%га жогорулатты

Электромобилдер дүйнөдө электр энергиясына болгон муктаждыкты 31,7%га жогорулатты

Корей аналитикалык компаниясы SNE Research өз отчетунда электромобилдердин (EV, PHEV, HEV) дүйнөлүк батарейкалары аркылуу сакталган энергиянын көлөмү өткөн жылы 1 187 гигаватт-саатка жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 31,7%га өскөнүн маалымдады. Кытайлык CATL компаниясы электромобилдер үчүн батарейкалар базарында лидерликти сактап калды. 2025-жылы анын батарейкалары аркылуу сакталган энергия 464,7 гигаватт-саатты түздү,

Италия кышкы Олимпиада оюндарынын дарядыгына  5 млрд доллар сарптады

Италия кышкы Олимпиада оюндарынын дарядыгына 5 млрд доллар сарптады

Милан жана Кортине-д’Ампеццо шаарларында өтчү 2026-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына даярдык чыгымдары материалдардын баасынын өсүшү жана кыска мөөнөттөгү курулуштар себептүү баштапкы пландан бир топ кымбатыраак болгону маалымдалды деп жазат Reuters. Уюштуруу комитетинин башкы директору Андреа Варнье белгилегендей, даярдыкка каралган бюджет бир нече эсе көбөйгөн. 2019-жылы оюндарды өткөрүүгө арыз бергенде чыгымдар