Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөр 43%га, ал эми орточо чек 35%га өстү - Visa

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөр 43%га, ал эми орточо чек 35%га өстү - Visa

Акыркы бир жылдын ичинде Кыргызстанда он транзакциянын тогузун контактсыз төлөмдөр түзгөн. Бул тууралуу Visa корпорациясынын вице-президенти жана Борбордук Азия жана Азербайжан боюнча аймактык өкүлү Кристина Дорош e-Commerce Expo 2022 форумунда билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөр 43%га, ал эми орточо чек 35%га өскөн.

«Электрондук коммерция – бул ири соодагерлер гана эмес, ага Кыргызстандагы чакан жана орто бизнес да кирет. Электрондук коммерциясыз алар эл аралык рынокко чыга алмак эмес. Кыргызстан жана Борбордук Азия стратегиялык жактан маанилүү рынок. Накталай эмес төлөмдөрдүн өсүшү өлкөгө ири ретейлерлердин (соодагерлерди) алып келет», – деп баса белгиледи Дорош.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1.5 миллиондон ашык Visa төлөм карталары бар. Былтыртан бери карталардын саны 500 миңге көбөйгөн. Бул негизинен Бишкек жана Ош облусунда байкалат.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы