Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди

Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна  старт берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Нарын облусунун Куланак айылында Куланак ГЭСинин курулушунун башталышына “Мезгил кутусун” салып, курулушка старт берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Долбоордун жалпы баасы 124 млн АКШ долларын түзүп, анын 88 млн АКШ доллары Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы институттар тобу тарабынан насыя катары берилет.  

Жапаров өлкө жетекчилиги жаңы ГЭСтерди куруу менен мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө багыт алып жатканын белгиледи. 

“ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВт болот деген мерчемибиз бар. Курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. Демек, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат деген сөз. 

Адистердин айтымында, ГЭСтин курулуш жүрүп жаткан маалда жалпысы 800дөн 1000 адамга чейин жумуш орду түзүлөт. Ал эми Куланак ГЭСинин курулушу бүткөрүлүп, толук ишке берилгенден кийин 100гө жакын жумушчу туруктуу иш менен камсыз болот. 

Нарын дарыясынын боюна, Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Миң-Булак, Жерге-Тал айыл аймактарынын аймагына курулушу башталган бул долбоордун алкаганда 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын  нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6.5 км узундуктагы деривациялык канал, электростанциянын имараты агрегаттары менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат”, – деди ал. 

Маалыматта белгиленгендей, Нарын дарыясына дагы 2.5 миң мегаВаттык гидроэлектр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгү бар.

“Азыр бизде жылына 3 млрд кв саат электр энергиясынын таңкыстыгы бар. Суунун башында турабыз, бирок ошону колдонуп, отуз жылдан бери бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Эми сала баштадык.  Бардык потенциалдын он эле пайызын колдонот экенбиз. Эгерде дагы 90%ын кошуп колдонсок биз Орто Азия эмес, Европа, Кытайга электр энергиясын сатсак болчудай”, – деди Жапаров. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги 20 жаңы мектептин курулушу тыкыр көзөмөлгө алынды

Бишкектеги 20 жаңы мектептин курулушу тыкыр көзөмөлгө алынды

Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 мектептин курулушу тыкыр көзөмөлдөнүүдө. Бул иштер Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жатат. Ведомствонун маалыматына ылайык, дем алыш күндөрү министрликке караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов жана “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү бир

БШКнын төрагасы Венгриянын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүчү болду

БШКнын төрагасы Венгриянын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүчү болду

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Конутаев экөө 12-апрелде Венгрияда өткөн парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү программасына катышышты. Венгрияда парламенттик шайлоо ар төрт жылда бир жолу өткөрүлүп, Улуттук жыйындын депутаттары шайланып турат. Ага ылайык, Венгриянын сегиз миллионго жакын жараны өз демократиялык укуктарын ишке ашырып,

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Федерациясынын элчиси Сергей Вакунов радио эфиринде Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы багыттары жана келечеги тууралуу айтып берди. Анын айтымында, толук ишке ашпай жаткан багыттардын бири — өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү. Бул форматта долбоорлор эки өлкө тарабынан биргелешип ишке ашырылат. Ал экономикалык байланыштарды дал ушул багытта өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады. Элчи

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Кыргызстанда балык жана балык продукциясын өндүрүү акыркы жылдары олуттуу өсүшкө жеткенин Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нуразамат Акпаралы уулу билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2019-жылы өлкөдө 3 миң тоннадан ашык балык өндүрүлсө, 2025-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 19,5 миң тоннага жеткен. Ал ошондой эле департамент