«Кагазда өсүп жатасыңар, анан улам-улам казынабызды колдоого деп карыз сурап жатасыңар» - депутат

«Кагазда өсүп жатасыңар, анан улам-улам казынабызды колдоого деп карыз сурап жатасыңар» - депутат

Бүгүн, 24-октябрдагы Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров тыштан бюджетти колдоого карыз алууну токтотуу сунушун берди.

Белгилей кетсек, комитетте министрлер кабинетинин Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) тарабынан туруктуулукту жогорулатуу программасы боюнча бериле турган 50 млн долларлык кредиттик жана гранттык макулдашууну жактыруу жөнүндө буйругунун долбоору каралды. Анын 25 млн доллары – кредит, 25 – млн доллары грант.

Жыйында баяндама жасаган Финансы министринин орун басары Руслан Татиков аталган каражат бюджетти колдоого жумшалаарын айтты. Ал эми депутат Адахан Мадумаров казынага сырттан карыз алууну токтотуу керектигин баса белгиледи.

“Кредит – бул карыз. Бюджетти колдоого деп келген акча кайра чыкпайт. Программада айлыкты, пенсияны колдоого кетет деп турат. Небере-чеберелерибиздин атынан бүгүн пенсия алганыбызды токтотолу десек, кыргыз эли макул болот. Карыз алганды токтотпойсуңарбы. Мен түшүнбөй калдым, Акылбек Жапаровду карап отурсаң, космоско чыгып баратабыз, бизди токтотоор киши жок. Бул кандай, кагазда аябай катуу өсүп атасыңар, анан улам-улам казынабызды колдоого деп карыз сурап атасыңар. Логиканы түшүнбөйм”, – деди ал.

Ал эми Татиков кредитти тескерисинче, аны алуу керектигин, экономика кредит менен гана өсө тургандыгын айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык сеперпчилердин баамында, жакынкы айларда рубль күчтөнүп, доллардын курсу төмөндөшү ыктымал. Бул тууралуу «БКС Мир инвестиций» компаниясынын башкы экономисти Илья Федоров РИА Новостиге билдирген. Анын айтымында, учурда валюта рыногундагы баланс рублдин пайдасына өзгөрүп, май айында доллардын курсу 70–75 рублга чейин түшүшү мүмкүн. Азыркы учурда доллардын курсу болжол менен 76,

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мурда бул окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашып, 2024-жылы авариялык абалда деп табылган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма унаа жолунда чаңдан арылтуу максатында подрядчы компания тарабынан суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Бирок абанын температурасы жогорулап, унаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу чаңдын көлөмү да өсүүдө. Учурда суу ташуучу техникалардын саны чаңды толук жана ыкчам басаңдатууга жетишсиз болууда. Ушуга

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына келди. Сапардын алкагында ал Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жылдык жыйындарына катышат. Иш сапар Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушууларга даярдык көрүү менен башталды. Анын ичинде операциялар боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбор