КР инвестиция үчүн ар дайым ачык - Акылбек Жапаров Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңеши менен жолукту

КР инвестиция үчүн ар дайым ачык - Акылбек Жапаров Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңеши менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР менен АКШнын ортосундагы соода диалогун мындан ары чыңдоо боюнча чаралар талкууланды. Жапаров үстүбүздөгү жылдын апрель айында АКШга жумушчу сапарынын жүрүшүндө америкалык бизнес өкүлдөрүнө КРга таанышуу сапары менен келүүнү сунуштаган. 

Министрлер кабинетинин башчысы бул миссиянын жүрүшүндө америкалык компаниялардын өкүлдөрү КРнын соода-инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн конкреттүү изилдөөгө жана биздин өлкөнүн ишкер чөйрөсү менен өз ара пайдалуу байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алат деген ишенимин билдирди.

«КР инвестиция үчүн ар дайым ачык. Учурда министрлер кабинети бизнес үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү саясатын жүргүзүп жатат. Өлкөдө чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча либералдуу мыйзам базасы түзүлдү», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү уюмду түзүүнүн негизги максаты эки өлкөнүн ортосундагы ишкер мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат деп белгилешти. 

«Америка-Кыргыз Ишкер Кеңешинин курамындагы өкүлдөр – КРнын шериктери. Биз эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даярбыз», – деп жыйынтыктады Америка-Кыргыз Ишкер Кеңешинин төрагасы Филип де Леон.

Мындан тышкары окуңуз

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык сеперпчилердин баамында, жакынкы айларда рубль күчтөнүп, доллардын курсу төмөндөшү ыктымал. Бул тууралуу «БКС Мир инвестиций» компаниясынын башкы экономисти Илья Федоров РИА Новостиге билдирген. Анын айтымында, учурда валюта рыногундагы баланс рублдин пайдасына өзгөрүп, май айында доллардын курсу 70–75 рублга чейин түшүшү мүмкүн. Азыркы учурда доллардын курсу болжол менен 76,

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мурда бул окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашып, 2024-жылы авариялык абалда деп табылган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма унаа жолунда чаңдан арылтуу максатында подрядчы компания тарабынан суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Бирок абанын температурасы жогорулап, унаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу чаңдын көлөмү да өсүүдө. Учурда суу ташуучу техникалардын саны чаңды толук жана ыкчам басаңдатууга жетишсиз болууда. Ушуга

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына келди. Сапардын алкагында ал Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жылдык жыйындарына катышат. Иш сапар Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушууларга даярдык көрүү менен башталды. Анын ичинде операциялар боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбор