Самара, Казань, Новосибирск - учурда Бишкектен Россиянын үч шаарына поезд каттамы жүрүүдө

Самара, Казань, Новосибирск - учурда Бишкектен Россиянын үч шаарына поезд каттамы жүрүүдө

“Бишкек Темир Жолу” МИнин маалымат кызматы эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу каттам боюнча маалымат берди.

№17 Бишкек-Самара багытындагы ылдам поезди жумасына эки жолушаршемби жана жума күндөрү жөнөйт, Самарага жума жана жекшемби күндөрү жетет. №18 Самара – Бишкек багытындагы поезд Самарадан ишемби жана дүйшөмбү күндөрү жөнөп, Бишкекке дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү келет. Жолдун жалпы узундугу 2685 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы – 56 саат 30 мүнөттү түзөт.

№305 Бишкек – Казань багытындагы жүргүнчү поезди Бишкектен жумасына бир жолу – дүйшөмбү күндөрү жөнөйт, Казанга бейшемби күндөрү келет.

№306 Казань – Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди Казандан бейшемби күнү чыгат, Бишкекке жекшемби сайын келет. Жолдун жалпы узундугу 3286 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы – 64 саат 40 мүнөттү түзөт.

№385 Бишкек-Новосибирск, № 386 Новосибирск-Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди сегиз күндө бир жолу каттайт. Жолдун жалпы узундугу 2 340 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы –  52 саат 43 мүнөттү түзөт.

Өлкө ичинде күн сайын төмөнкү каттамдар жүрөт: Бишкек-1 – Токмок, Бишкек-2 – Кайыңды.

  • Поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтерин (билет) сатып алсаңыз, купелерде жана СВ вагондордо 45%, ал эми плацкарт вагондордо 35% арзандатуу бар.

Жол жүрүү билеттин баасын, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графигин тактап алуу үчүн жарандар төмөнкү телефондор аркылуу маалымат ала алышат: уюлдук телефон – 0705 076696, стационардык телефон: (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92 -68-40

Мындан тышкары окуңуз

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык сеперпчилердин баамында, жакынкы айларда рубль күчтөнүп, доллардын курсу төмөндөшү ыктымал. Бул тууралуу «БКС Мир инвестиций» компаниясынын башкы экономисти Илья Федоров РИА Новостиге билдирген. Анын айтымында, учурда валюта рыногундагы баланс рублдин пайдасына өзгөрүп, май айында доллардын курсу 70–75 рублга чейин түшүшү мүмкүн. Азыркы учурда доллардын курсу болжол менен 76,

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мурда бул окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашып, 2024-жылы авариялык абалда деп табылган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма унаа жолунда чаңдан арылтуу максатында подрядчы компания тарабынан суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Бирок абанын температурасы жогорулап, унаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу чаңдын көлөмү да өсүүдө. Учурда суу ташуучу техникалардын саны чаңды толук жана ыкчам басаңдатууга жетишсиз болууда. Ушуга

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына келди. Сапардын алкагында ал Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жылдык жыйындарына катышат. Иш сапар Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушууларга даярдык көрүү менен башталды. Анын ичинде операциялар боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбор