Валюта кризиси: Акча алмаштыруу жайларында доллар такыр жок – банктар аларга валюта сатпай жатыптыр

Валюта кризиси: Акча алмаштыруу жайларында доллар такыр жок – банктар аларга валюта сатпай жатыптыр

Кыргызстанда валюта кризиси күч алууда. Бүгүн, 11-ноябрда, Бишкектеги Моссовет кесилишиндеги акча алмаштыруучу жайлардын дээрлик бардыгында АКШ доллары түгөнүп калган. Банктар аларга валюта сатпайт, анткени аларда да накталай доллар жок.

10дон ашык акча алмаштыруу жайларын кыдырып чыккан Economist.kg-нин кабарчысынын айтымында, бир дагы акча алмаштыруучу жайда АКШ доллары жок. Бир акча алмаштыруучу жайда болгону 27 доллар накталай акча калганын айтышса, экинчисинде жыйырма долларлык купюралар менен болгону 100 доллар калган.

Кабарчы айланып өткөн Моссовет кесилишиндеги үч коммерциялык банкта да доллар жок деп айтылган.

Банктарда валютанын жоктугунан улам акча алмаштыруу жайларында да доллар жок. Банктарга бизнестен жана калктан валюта түшүп турат, ал эми акча алмаштыруучу жайлар накталай чет өлкө валютасын сатып алышат.

Валюта кризиси Улуттук банктын чет элдик валютаны жүгүртүүгө койгон катуу чектөөлөрүн алып салганына карабай уланууда. Эскерте кетсек, 22-июлда УБ тарабынан чектөөлөр киргизилген эле: алмаштыруу бюролоруна календардык күн ичинде өз жүгүртүү капиталынан ашык суммага банктардан накталай чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынган.

5-сентябрдан тартып акча алмаштыруучу жайлар банктардан валюта сатып алуусуна коюлган чектөөлөр алынып, Улуттук банк валюта рыногундагы абал турукташканы тууралуу жарыялаган. Бирок андан бери банктарда да накталай чет элдик валюта көбөйгөн жок, акча алмаштыруучу жайларда АКШ долларын сатууга чектөөлөр киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы