Зыяндуу түтүндү азайтуу үчүн Кара-Кече көмүрүн брикеттөө сунушталууда

Зыяндуу түтүндү азайтуу үчүн Кара-Кече көмүрүн брикеттөө сунушталууда

«Жашыл энергия» коомдук фондунун төрайымы, «Кыргызстандын Жашыл альянсынын» башкармалыгынын мүчөсү Анара Султангазиева 2-ноябрда Economist.kg уюштурган «Бишкек түтүн каптаган дагы бир кышка даярбы» деген темадагы тегерек столдо жергиликтүү көмүрдү брикеттөө керек деген пикирин билдирди.

Эң негизги аба булгоочулар бул үйлөрүн от жагып жылыткан жергиликтүү тургундарбы деген суроого Султангазиева аларды күнөөлөгөн туура эмес экенин айтты.

«Экологиялык жактан таза жылытуу ыкмаларына элдин дайыма эле акчасы жете бербейт. Керек болсо жөнөкөй эле, сапаты начар көмүргө да акчасы дайыма боло бербейт, ошондуктан алар ар нерсени жагып, жылынышат, бул алардын күнөөсү эмес. Бул жерде мамлекеттин күнөөсү бар, анткени ал Монголияга окшоп субсидия берип, колдоо көрсөтүшү керек», – деди ал.

Мындан тышкары, Султангазиева эгерде бийлик жергиликтүү өндүрүштү ушунчалык колдогусу келсе, жок дегенде ошол эле Кара-Кече көмүрүн брикеттөө керектигин белгилеп айтты.

«Эгерде биз жергиликтүү көмүрдү брикет кылып чыгарсак, ал атмосферага азыраак түтүн бөлүп чыгарат. Анан ошол эле Монголиядагыдай практиканы киргизели. Аларда түнкүсүн электр энергиясы бекер, эл үйлөрүн түнү жылытып, күндүзү аз от жагышат. Жагышканда да брикеттелген көмүр гана жагышат. Мамлекет керектүү чечимдерди кабыл алар замат, түтүн маселесин кескин жана тез чечишти», – деп жыйынтыктады «Жашыл энергиянын» жетекчиси.

Бул тема боюнча башка материалдарды окуңуз:

«Түтүн көйгөйү табигый көрүнүш эмес, бул бийликтин конкреттүү саясаты» – Бермет Борубаева

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы