2023-жылы 10 миң жарды үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет

2023-жылы 10 миң жарды үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет

Келерки жылы Кыргызстанда 10 миңдей жакыр үй-бүлөгө жөлөкпулдун ордуна жеке бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет. Бул маалыматты Эмгек министрлиги берди.

Министрлик быйылкы жылдан тартып элди жакырчылыктан чыгаруу боюнча жаңы активдүү чараларды ишке ашырып жатканын билдирди. Мамлекет кирешеси аз үй-бүлөлөр менен социалдык келишимдерди түзүп, ага жараша чакан ишкана ачуу үчүн 100 миң сом төлөөсүз берет.

Быйылкы жылдын башынан бери 2 900 үй-бүлө өз ишканаларын (теплица, брусчатка куюу, унаа оңдоо, ширетүүчү жайларды, мал чарбачылык, жеке чарбалар ж.б.) ачышты, деп билдирет министрлик.

Кийинки жылы Эмгек министрлиги мындай келишимдерди 10 миң жарды үй-бүлө менен түзүүнү пландоодо. «Негизги принцип — балык эмес, кайырмак берүү», — деп эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин сөзүн келтирди басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, бизнес ачуу үчүн бир жолку төлөм алуучулар мамлекеттик жөлөкпулдарды алуудан баш тартышы керек.

Мындан тышкары окуңуз

Электромобилдер дүйнөдө электр энергиясына болгон муктаждыкты 31,7%га жогорулатты

Электромобилдер дүйнөдө электр энергиясына болгон муктаждыкты 31,7%га жогорулатты

Корей аналитикалык компаниясы SNE Research өз отчетунда электромобилдердин (EV, PHEV, HEV) дүйнөлүк батарейкалары аркылуу сакталган энергиянын көлөмү өткөн жылы 1 187 гигаватт-саатка жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 31,7%га өскөнүн маалымдады. Кытайлык CATL компаниясы электромобилдер үчүн батарейкалар базарында лидерликти сактап калды. 2025-жылы анын батарейкалары аркылуу сакталган энергия 464,7 гигаватт-саатты түздү,

Италия кышкы Олимпиада оюндарынын дарядыгына  5 млрд доллар сарптады

Италия кышкы Олимпиада оюндарынын дарядыгына 5 млрд доллар сарптады

Милан жана Кортине-д’Ампеццо шаарларында өтчү 2026-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына даярдык чыгымдары материалдардын баасынын өсүшү жана кыска мөөнөттөгү курулуштар себептүү баштапкы пландан бир топ кымбатыраак болгону маалымдалды деп жазат Reuters. Уюштуруу комитетинин башкы директору Андреа Варнье белгилегендей, даярдыкка каралган бюджет бир нече эсе көбөйгөн. 2019-жылы оюндарды өткөрүүгө арыз бергенде чыгымдар

Вьетнамдан Евразия аймагына түз инвестициялар 825 млн долларга жетти

Вьетнамдан Евразия аймагына түз инвестициялар 825 млн долларга жетти

2026-жылдагы ЕАБРдин маалыматтарына ылайык, Вьетнамдан Евразия өлкөлөрүнө түз инвестициялардын жыйынды көлөмү акыркы 9 жылда 2016-жылы 613 млн доллардан 2025-жылдын ортосуна карата 825 млн долларга жетти, бул 34% өсүштү түзөт. Ошондой эле инвестициялардын географиясы диверсификацияланып жатат. Россия инвестициялардын негизги багыты бойдон калууда — 570 млн доллар (портфелдин болжол менен 69%), бирок анын

Камбар-Ата ГЭС-1дин инженердик-геологиялык изилдөөлөрүнө конкурс жарыяланды

Камбар-Ата ГЭС-1дин инженердик-геологиялык изилдөөлөрүнө конкурс жарыяланды

Энергетика министрлигинин Долбоорлорду башкаруу бөлүмү Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун аймагында инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча конкурс жарыяланганын билдирди. Ведомствонун маалыматына караганда, сатып алуу "Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Конкурстун предмети – ГЭСтин жайгашуусу боюнча аймакта инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн комплекстүү жүргүзүлүшү. Сатып алуу чексиз ыкма менен, эки пакеттүү системада