2023-жылы турак-жай курууга кошумча 10 млрд сом бөлүнөт

2023-жылы турак-жай курууга кошумча 10 млрд сом бөлүнөт

Министрлер кабинетине Кыргызстанда турак-жай курууга кошумча 10 млрд сом бөлүү сунушталды. Каражат комплекстүү өнүктүрүү долбоорлоруна жана жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди каржылоого жумшалат.

Экономика министрлиги өкмөткө Кыргызстанда турак жай курулушун кошумча каржылоону сунуштады. Мекеме бул үчүн 2023-жылдын бюджетине 10 млрд сом бөлүүнү зарыл деп эсептейт, бул тууралуу “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак-жай программасына өзгөртүүлөр киргизүү долбоорунда көрсөтүлгөн.

Өзгөртүүлөрдүн авторлору Финансы министрлигине республикалык бюджеттен суралган сумманын негиздемесин жөнөтүштү: 2023-жылга турак жайларды комплекстүү куруу үчүн 6 млрд сомдон кем эмес, ал эми “Менин үйүм 2021-2026” программасынын катышуучуларын каржылоо үчүн 4 млрд сомдон кем эмес каражат керек.

Азыркы мамлекеттик турак жай программасында турак жай менен камсыз кылуунун параметрлери көрсөтүлгөн, анын максаты – Кыргызстандын ар бир тургунун 18 чарчы метр турак жайы менен камсыз кылуу. Бүгүнкү күндө бир кыргызстандыкка 12.5 чарчы метр турак жай туура келет. 2021-жылдын аягында турак жай фондусунун жетишсиздиги 34 млн чарчы метрди түзгөн.

Бир адамга 18 чарчы метр турак-жай куруунун нормасына жетишүү үчүн өлкөдө жылына 2.2 млн чарчы метр турак-жай куруу керек. Акыркы жылдары республика боюнча курулуштун темпи 1 млн чарчы метрден бир аз ашат.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы