Кыргызстанда ишкер айымдар үчүн жеңилдетилген насыя берүү программасы ишке кирди

Кыргызстанда ишкер айымдар үчүн жеңилдетилген насыя берүү программасы ишке кирди

Былтыр минкаб тарабынан бекитилген 2026-жылга чейин аялдардын ишкердигин өнүктүрүү программасы ишке ашырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда, Экономика министрлигинин ишкердик чөйрөнү өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Муса Катаганов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул программанын алкагында бир катар министрликтер жана мамлекеттик органдар үчүн аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча беш иш-чара белгиленген.

«Экономика министрлиги аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи, анда “аялдар ишкердиги” деген түшүнүктүн өзү аныкталып берилген. Мындан тышкары, аялдарга каржылоого оңой жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү иш чаралары каралган», – деди Катаганов.

Ал ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн 500 миң доллар бир айлануудан өткөнүн белгиледи.

«2020-жылы ишкер аялдарды жеңилдетилген каржылоо программасы ишке ашырылган. Быйыл ал долбоор кайрадан ишке кирди. Жана ушул программанын алкагында каражаттын негизги бөлүгү – 60%ы – аймактардагы ишкер аялдарды каржылоого багытталат», – деп жыйынтыктады ал.

Анын айтымында, 300 миң сомго чейинки кредиттер 6% менен берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы