Кыргызстандык айымдар баштаган эки стартап ПРООНдон 10 миң доллардык грант алды

Кыргызстандык айымдар баштаган эки стартап ПРООНдон 10 миң доллардык грант алды

Кыргызстандык аялдардын эки стартапы БУУӨП (ПРООН) аймактык акселерация программасынан (BOOST социалдык инновациялар программасы) 10 миң доллар өлчөмүндө грант алышты. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

“Новатор аялдар” программасы 2022-жылдын февраль айында башталган. Европадан жана Борбордук Азиядан жалпысынан 288 стартап, чакан жана орто бизнес, коммерциялык эмес жана академиялык мекемелерден арыз түшүп, катышууга 55и тандалып алынган.

Программа информатикадагы аялдар, аялдар жана санариптик жеткиликтүүлүк, санариптик экономикадагы жана STEMдеги аялдар жана ошондой эле технологиялык инновацияларды өнүктүргөн аялдар сыяктуу тематикалык багыттарда инновациялык ыкмаларды колдонгон стартаптарга, чакан жана орто ишканаларга, коммерциялык эмес уюмдарга жана академиялык мекемелерге багытталган эле.

Ошентип, Кыргызстандык эки стартапка 10 миң доллардан берилди:

Кыргыз космос программасы – кыздарга STEM билимин окутууну жайылткан, жети жаш айым жетектеген коммерциялык эмес уюм. Бул команда спутниктерди жасоо аркылуу жаштардын STEMге катышуусуна дем берген билим берүү платформасын түзүүдө;

WeinCrypto – билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылып, аялдардын жана жаштардын криптовалюталык инвестиция дүйнөсүнө катышуусуна көмөктөшкөн автономдук уюм. Алардын максаты – Борбордук Азия аймагындагы стереотиптерди жана гендердик теңсиздикти жоюуга жардам берүү.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы