«Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан» темир жолун курууга 3 млрд доллардан 5 млрд долларга чейин каражат керек болот

«Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан» темир жолун курууга 3 млрд доллардан 5 млрд долларга чейин каражат керек болот

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемесин 2023-жылдын апрелине чейин бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда, Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында минкаб башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Айбек Алтынбеков Кыргызстандагы эң ири долбоорлор боюнча суроо берди. Жапаров учурда бул Камбар-Ата ГЭС-1 жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу экенин айтып жооп берди.

Анын айтымында, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолуна 3 млрд доллардан 5 млрд долларга чейин каражат сарпталат. ГЭС боюнча азырынча так маалымат жок, бирок ага дагы 3-5 млрд доллардык каражат жыйналат.

«Камбар-Ата ГЭСи үчүн Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) 2 млн доллар алалы дегенбиз, бирок, тилекке каршы, санкциялардан улам ала албадык. Эми биз Дүйнөлүк банктан алып жатабыз. Ошондой эле россиялыктарга 5.5 млн долларга техникалык-экономикалык негиздеме заказ бергенбиз, курулуш жана даярдык иштери келерки жылдын аягына чейин бүтүрүлөт», – деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы