Бажы 2023-жылы 95 млрд сом чогултат деп күтүлүүдө - быйыл ал 10 айда 53 млрд араң жыйнады

Бажы 2023-жылы 95 млрд сом чогултат деп күтүлүүдө - быйыл ал 10 айда 53 млрд араң жыйнады

2023-жылы бажы төлөмдөрү 94.6 млрд сомду түзүшү керек. Келерки жылдын бюджетинин долбоорунда Финансы министрлиги ушундай божомолду берген.

Эске сала кетсек, быйылкы жылдын планы боюнча бажы кызматкерлери 98.4 млрд сом чогултушу керек эле, бирок жыйымдар болгону 52.9 млрд сомду түзгөн. Эми бажычылар жок дегенде 75 млрд сом чогултабыз деп аракеттенип жатышат, ал эми минкаб төрагасы Акылбек Жапаров аларды жапырт кызматтан айдайбыз деп коркутууда.

Акчанын ойдогудай түшпөй калышы – бюджетке жалпысынан 10 млрд сомдой каражат түшпөй калган – көбүнесе Украинадагы согушка жана Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгон Россияга каршы киргизилген санкцияларга байланыштуу.

Кошумчалай кетсек, бюджеттин долбооруна ылайык, 2024-жылы бажы 117.3 млрд сом, 2025-жылы 136.6 млрд сом түшүрүшү керек.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү

Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү

Депутат Илимбек Кубанычбеков Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларын жакынкы шаарларга көчүрүүнү сунуштады. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар борбор калаадагы жол тыгындары маселесин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө Илимбек Кубанычбеков бул көйгөйдү чечүүгө багытталган бир катар сунуштарды ортого салды. Анын айтымында, автоунааларды реэкспорттоо жана каттоо менен алектенген ишканаларды шаардын сыртына — мисалы, Токмок же

Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

2025-жылдын аягында Кыргызстанда 315 базар иштеп турган, алардын ичинен 154ү аралаш күнүмдүк базарлар категориясына кирет. Ошондой эле өлкөдө 95 соода борбору бар экенин Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат. Базарлар инфраструктурасы Базарлардагы соода орундардын жалпы саны 83 миң 416 бирдикти түзгөн. Аянттардын негизги бөлүгүн кийим-кече базарлары (29 миң 48 орун) жана

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова 5-февралда борбор калаадагы кооптуу аймактарга жөө жүргүнчүлөр үчүн светофорлорду орнотуу маселесин көтөрдү. Экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча комиссиянын жыйынында депутат сатып алынуучу светофорлордун саны, сметанын бар-жогу жана алар орнотулуучу жерлер тууралуу сурап, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Транспорт жана жол-транспорттук

Былтыр жер казынасын пайдалануу активдери 1,6 млн долларга сатылган

Былтыр жер казынасын пайдалануу активдери 1,6 млн долларга сатылган

2025-жылдан бери жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлүп, алардын жыйынтыгында активдер болжол менен 1,6 млн долларга сатылганын "B5+1" форматындагы эки күндүк бизнес-форумдун алкагында өткөн бизнес- жолугушууда Эл аралык ишкерлер кеңеши билдирди. Кеңештин маалыматына ылайык, 2025-жылдын сентябрь айына карата жер казынасын пайдаланууга 2005 лицензия берилген. Анын