Казинодо ойногону келгендер Кыргызстанга визасыз киргизилет

Казинодо ойногону келгендер Кыргызстанга визасыз киргизилет

Экономика министрлиги Кыргызстанга казинодо ойноо үчүн келген чет элдиктерди визасы жок киргизүүнү сунуштады. Визасыз жүрүү мөөнөтү 15 күндү түзөт. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Бул өзгөртүүнүн демилгечилери Кыргызстанда казинодо ойноону каалаган чет элдиктерге өлкөдө визасыз жана каттоосуз жүрүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатышат. Кеп Ысык-Көл облусундагы “Каракол” эркин экономикалык аймагынын аймагындагы атайын “Тамчы” оюн зонасына кумар ойногону келгендер тууралуу болуп жатат.

Ал документке ылайык, Кыргызстандагы казинолорго келген чет элдиктер чек арадан паспорт менен өтө алышат. Башка документтердин кереги жок болот. Бирок бул укукту пайдалануу үчүн алар Кыргызстандын кумар оюндар аймагына гана бараткандыгын алдын ала билдириши керек.

Чет элдиктер чек арадан өтөрү менен Кыргызстандын башка аймактарына барбай, дароо кумар оюндарына барууга аргасыз болушат. Бирок бул кандайча ишке ашарын өкмөт азырынча тактай элек.

Чет өлкөлүктөрдүн атайын кумар зонасында жүрүүсү 15 күн менен чектелет.

Кумар оюн зонасынан чыгуу – КР чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү катары каралып, катуу жазаланат. Тартип бузгандар бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылып, эсептик көрсөткүчтүн 500дөн 1000гө чейинки өлчөмүндө (50-100 миң сом) айып төлөшү же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы