Кыргызстанда электрондук документтер эми юридикалык мааниге ээ

Кыргызстанда электрондук документтер эми юридикалык мааниге ээ

Минкаб санариптик документтерди кагазга теңеп, Кыргызстандын бүткүл аймагында юридикалык мааниге ээ деп тааныды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эми КР жарандары “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга электрондук документтерди көрсөтө алышат.

Учурда “Түндүк” тиркемесинде төмөнкү документтер бар: паспорт, айдоочунун күбөлүгү, транспорт каражаты катталгандыгы тууралуу күбөлүк. Жакында башка документтер да кошулмакчы.

Санариптик документти колдоно баштоо үчүн биринчи төмөнкү нерселерди жасаңыз:

  • Бирдиктүү идентификациялоо системасына (БИС) кирип, катталыңыз (ал үчүн Калкты тейлөө борборуна барып, электрондук цифралык кол тамга алыңыз – бул акысыз);
  • “Түндүк” мобилдик тиркемесин телефонуңузга AppStore же PlayMarket аркылуу жүктөңүз;
  • электрондук санариптик кол тамганы колдонуп, мобилдик тиркемеге кириңиз;
  • “Санариптик документтер” бөлүмүнө өтүңүз.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү

Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү

Депутат Илимбек Кубанычбеков Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларын жакынкы шаарларга көчүрүүнү сунуштады. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар борбор калаадагы жол тыгындары маселесин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө Илимбек Кубанычбеков бул көйгөйдү чечүүгө багытталган бир катар сунуштарды ортого салды. Анын айтымында, автоунааларды реэкспорттоо жана каттоо менен алектенген ишканаларды шаардын сыртына — мисалы, Токмок же

Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

2025-жылдын аягында Кыргызстанда 315 базар иштеп турган, алардын ичинен 154ү аралаш күнүмдүк базарлар категориясына кирет. Ошондой эле өлкөдө 95 соода борбору бар экенин Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат. Базарлар инфраструктурасы Базарлардагы соода орундардын жалпы саны 83 миң 416 бирдикти түзгөн. Аянттардын негизги бөлүгүн кийим-кече базарлары (29 миң 48 орун) жана

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова 5-февралда борбор калаадагы кооптуу аймактарга жөө жүргүнчүлөр үчүн светофорлорду орнотуу маселесин көтөрдү. Экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча комиссиянын жыйынында депутат сатып алынуучу светофорлордун саны, сметанын бар-жогу жана алар орнотулуучу жерлер тууралуу сурап, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Транспорт жана жол-транспорттук

Былтыр жер казынасын пайдалануу активдери 1,6 млн долларга сатылган

Былтыр жер казынасын пайдалануу активдери 1,6 млн долларга сатылган

2025-жылдан бери жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлүп, алардын жыйынтыгында активдер болжол менен 1,6 млн долларга сатылганын "B5+1" форматындагы эки күндүк бизнес-форумдун алкагында өткөн бизнес- жолугушууда Эл аралык ишкерлер кеңеши билдирди. Кеңештин маалыматына ылайык, 2025-жылдын сентябрь айына карата жер казынасын пайдаланууга 2005 лицензия берилген. Анын