Мамлекеттик органдар 2023-жылы бизнести жана банктарды текшербейт

Мамлекеттик органдар 2023-жылы бизнести жана банктарды текшербейт

2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетине кичи, орто жана ири бизнести, ошондой эле коммерциялык банктарды укук коргоо органдары жана текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар жүргүзө турган текшерүүлөргө убактылуу тыюу салууну киргизүү тапшырылды.

Укук коргоо органдарынын, ишканаларды текшерүүгө укугу бар органдардын кызматкерлеринин негизсиз текшерүү жүргүзүшү, ошондой эле кызматтык ыйгарым укуктарын жеке пайдасы же башка кызыкчылыктары үчүн колдонуп, текшерүү жүргүзүшү олуттуу зыян келтирип жатканы аныкталды. Эми мындай иш чаралар текшерилип жаткан субъекттердин укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, мамлекеттик же коомдук таламдарга зыян келтирүү, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбоо катары каралып, кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле кызматтан бошотууга чейин алып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү

Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү

Депутат Илимбек Кубанычбеков Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларын жакынкы шаарларга көчүрүүнү сунуштады. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар борбор калаадагы жол тыгындары маселесин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө Илимбек Кубанычбеков бул көйгөйдү чечүүгө багытталган бир катар сунуштарды ортого салды. Анын айтымында, автоунааларды реэкспорттоо жана каттоо менен алектенген ишканаларды шаардын сыртына — мисалы, Токмок же

Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

Кыргызстанда кандай жана канча базар бар?

2025-жылдын аягында Кыргызстанда 315 базар иштеп турган, алардын ичинен 154ү аралаш күнүмдүк базарлар категориясына кирет. Ошондой эле өлкөдө 95 соода борбору бар экенин Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат. Базарлар инфраструктурасы Базарлардагы соода орундардын жалпы саны 83 миң 416 бирдикти түзгөн. Аянттардын негизги бөлүгүн кийим-кече базарлары (29 миң 48 орун) жана

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова 5-февралда борбор калаадагы кооптуу аймактарга жөө жүргүнчүлөр үчүн светофорлорду орнотуу маселесин көтөрдү. Экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча комиссиянын жыйынында депутат сатып алынуучу светофорлордун саны, сметанын бар-жогу жана алар орнотулуучу жерлер тууралуу сурап, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Транспорт жана жол-транспорттук

Былтыр жер казынасын пайдалануу активдери 1,6 млн долларга сатылган

Былтыр жер казынасын пайдалануу активдери 1,6 млн долларга сатылган

2025-жылдан бери жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлүп, алардын жыйынтыгында активдер болжол менен 1,6 млн долларга сатылганын "B5+1" форматындагы эки күндүк бизнес-форумдун алкагында өткөн бизнес- жолугушууда Эл аралык ишкерлер кеңеши билдирди. Кеңештин маалыматына ылайык, 2025-жылдын сентябрь айына карата жер казынасын пайдаланууга 2005 лицензия берилген. Анын