Президенттин Иш башкармалыгы Бишкекте бизнес-борбор курат

Президенттин Иш башкармалыгы Бишкектин Гоголь көчөсүнө бизнес борборун курат. Бул тууралуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында долбоорду ишке ашыруу үчүн жеке өнөктөш издөө боюнча жарыядан белгилүү болду.

Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Мамлекеттик курулуштар департаменти» ишканасы тарабынан бизнес-өнөктөш издөө жарыяланган. Ишкана бардык кызыкдар тараптарды “Гоголь көчөсү, №94 дарегинде бизнес-борбор куруу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча сынакка катышууга чакырат.

Бардык кызыкдар компаниялар документтерин Инвестициялык агенттикке төмөнкү дарек боюнча тапшырса болот: Бишкек шаары, Раззакова көчөсү, 8/1.

Арыздар 20-декабрга чейин кабыл алынат. Сынактын бардык шарттары менен МЖӨ борборунун сайтынан таанышса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен АКШга барды

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен АКШга барды

КРНын Президенти Садыр Жапаров АКШ Президенти Дональд Трамптын чакыруусу боюнча Америкага иш сапары менен барды. Садыр Жапаровду “Эндрюс” авиациялык базасынан АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров "С5+1" форматындагы мамлекет башчыларынын кезектеги

Ош шаарына курула турган айланма жолдун эскизи иштелип чыкты

Ош шаарына курула турган айланма жолдун эскизи иштелип чыкты

КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул ирет архитекторлор Ош шаарындагы жол кыймылын иретке келтирүү боюнча А.Масалиев көчөсү менен А.Шакиров көчөсүнүн кесилишине курулуучу айланма жолдун эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Долбоор

Чакан жана орто бизнеске 153 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Чакан жана орто бизнеске 153 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрына карата "Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө" долбоорунун алкагында 52 субъектке жалпы суммасы 153,38 миллион сомго кредиттер берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААКсы тартылган. 2025-жылга долбоор боюнча жалпы насыя берүүнүн

Бишкекте майда көмүрдү сатууга жана колдонууга тыюу боюнча рейд өттү

Бишкекте майда көмүрдү сатууга жана колдонууга тыюу боюнча рейд өттү

Бишкек шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин координациясы менен майда (чачылма) көмүрдү ташууга, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салуунун аткарылышын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чара Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябры №639 токтомуна ылайык уюштурулуп, Мурманск көчөсүндөгү көмүр кампалары текшерилди. Рейд учурунда саткан пункттарга