Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана VisionLabs компаниясы жарандарды аралыктан таануу долбоорун ишке ашырууда

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана VisionLabs компаниясы жарандарды аралыктан таануу долбоорун ишке ашырууда

Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо платформасын түзүүдө. Долбоорду ведомствого караштуу “Инфоком” ишканасы жана VisionLabs жеке компаниясы ишке ашыра турганын министрлик Facebook-тагы расмий баракчасында билдирди.

«Инфоком» менен VisionLabs ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Долбоор боюнча Кыргызстанда биометрикалык терминалдар системасы жана калкка мамлекеттик жана финансылык кызматтарды көрсөтүү үчүн атайын программалык камсыздоо түзүлөт.

Идентификация реалдуу убакыт режиминде онлайн сурам боюнча ишке ашат. Система адамды беттин геометриясы боюнча так жана ишенимдүү тааный алат.

Технологияны мамлекеттик кызматкерлерди тестирлөө процессинде, айдоочулук күбөлүк алууда, шайлоо процесстеринде, жашаган жери боюнча каттоодо, паспорт алууда, электрондук кол коюуда, банктык кызматтарды көрсөтүүдө жана мобилдик тиркемелерде санариптик кызматтарды колдонууда пайдалануу пландалып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы