Элдик курултайды өткөрүүгө канча чыгым кетерин бийлик ачык айтпады

Элдик курултайды өткөрүүгө канча чыгым кетерин бийлик ачык айтпады

Бишкекте 25-26-ноябрга белгиленген элдик курултай Садыр Жапаровдун президенттик мезгилинде биринчи жолу өтөт. Ал боюнча мыйзам кабыл алына элек, бюджетте каражат каралган эмес, бирок уюштуруучулар курултайды өткөрүүгө каражат табышты, деп билдирет Kaktus.media.

Садыр Жапаров чакырган алгачкы элдик курултай 25-26-ноябрда өтөт. Бишкектин филармониясында Кыргызстандын бардык аймактарынан 1 миңден ашуун делегат чогулат. Алдын ала программага ылайык, мамлекеттин биринчи адамдары чыгып сүйлөгөндөн кийин күн тартиби боюнча талкуулар уланат.

«Кыязы, көтөрүлгөн маселелер окшош болот. Бул жер, суу бөлүштүрүү, жол жана социалдык объектилерди куруу маселелери. Ошондуктан, суроолор улам кайталанбашы үчүн кантип баарын иреттөөнү ойлонуштуруп жатабыз», – деп белгиледи уюштуруу комитети.

Курултайга Садыр Жапаров эки күн бою катышат. Кыргызстандыктар курултайды түз эфирде көрө алышат. Эгерде аба ырайы ачык болсо, көчөлөрдөгү LED-экрандардан да көрсөтүү пландалууда.

Басылманын айтуусунда, курултайга 1074 делегаттын 800ү алыскы аймактардан келет. Алар үчүн Бишкектеги 14 мейманканадан бөлмөлөр алынып, атайын автобустар бөлүнөт.

Уюштуруучулар Элдик курултайды өткөрүүгө кеткен чыгым боюнча да, конкреттүү каржы булактары боюнча да ачык айткан жок. Болгону, ал акча КР бюджетинен алынбаганы белгилүү болду.

«Бюджет курултайды өткөрүү чечими чыга электе бекитилгендиктен, иш-чара бюджеттен тышкаркы каражатка өткөрүлөт. Кыргызстан алган гранттардын эсебинен. Биздин мамлекет ар түрдүү гранттарды алат эмеспи. Бирок кандай болгон күндө да, Элдик курултайды өткөрүүгө Жогорку Кеңештин бир депутатына ушунча жыл бою кетирген акчадан көп кетпейт», – деп уюштуруу комитети белгилеп айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы