«Майлуу-Суу лампа заводуна» 400 млн сом бюджеттик кредит берилди

«Майлуу-Суу лампа заводуна» 400 млн сом бюджеттик кредит берилди

Министрлер кабинети «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКга 400 млн сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводо белгилешкендей, бул карыз минкабдын заводго 1 млрд сомдук ири өлчөмдөгү кредит берүү боюнча чечиминин алкагында берилген. Финансы министрлиги бул долбоорду ишке ашырууга киришти.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын декабрында компаниянын 100% акциясын Финминдин Финансы-кредиттик фонду дээрлик 180 млн сомго сатып алган. Быйыл жайында завод акционердик коом болуп кайра түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Эски Ош базарында 8,5 миң соода оруну бар экени айтылды

Эски Ош базарында 8,5 миң соода оруну бар экени айтылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Куванычбек Конгантиев жаңы Ош базары боюнча долбоорду ишке ашырууга ким жооптуу экенине кызыкты. "Кечээ жеринде барып көрүү учурунда Иш башкармалыгынын жетекчиси 916 соодагер көчүрүлүп, ар бири өз ордун ала турганын айтты. Бирок бүгүн Ленин районунун акиминин айтымында, учурда Ош базарында 8,5 миң соода орду

"Бурана" музей комплексин көрктөндүрүү долбоору иштелип чыкты

"Бурана" музей комплексин көрктөндүрүү долбоору иштелип чыкты

Курулуш министрлигинин шаар куруу департаментинин алдындагы Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору "Бурана" археологиялык-архитектуралык музей комплексинин аймагын көрктөндүрүүгө багытталган жаңы эскиздик долбоорду даярдашты. Долбоордо комплексине чектеш аймакты жашылдандыруу, чакан архитектуралык формаларды орнотуу, ыңгайлуу унаа токтотуучу жайларды түзүү, ошондой эле зыяратчылар үчүн комфорттуу коомдук мейкиндикти уюштуруу каралган.

Кыргызстанды толук газдаштыруу 2030-жылы аякташы мүмкүн

Кыргызстанды толук газдаштыруу 2030-жылы аякташы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров 2026-жылдын 5-февралында парламент жыйынында өлкөнү газдаштыруу иштери качан толук аяктай турганына кызыкты. "Газпром Кыргызстан" компаниясынын экономика жана финансы боюнча башкы директорунун милдетин аткаруучу орун басары Арзымат Алдаяровдун маалыматына ылайык, компания Кыргыз Республикасын толук газдаштырууну жакынкы 5 жылдын ичинде, болжол менен 2030-жылга чейин бүтүрүүнү

Сезондук мигранттан — агро ишкердикке: Кубаныч Тагаев келечектин фермасын кантип ачты

Сезондук мигранттан — агро ишкердикке: Кубаныч Тагаев келечектин фермасын кантип ачты

Бүгүн “Ишкер медиа” “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезон маалында иштеген жумушчулардын коопсуз миграциясы” долбоорунун катышуучулары жөнүндө макалалардын топтомунун биринчи материалын жарыялайт. Бул макалада эмгек миграциясындагы кыйынчылыкты жеңип гана тим болбостон, ошону менен бирге ишкердиктин комплекстүү негиздери тууралуу окуудан өтүп, андан кийин демилгенин колдоосу менен “1+1” каржылоосунун натыйжасында өз ишин