Мигранттар акыркы он жылда Кыргызстанга 23 млрд доллар алып келген

Эмгек мигранттары акыркы он жылда Кыргызстанга дээрлик 23 млрд доллар жөнөткөн. Чет өлкөгө иштегени кеткен кыргызстандыктардан түшкөн каражат Кыргызстанга келген түз инвестициялардан 2.5 эсеге ашты.

Мындай маалыматты ЖК төрагасына караштуу Миграция боюнча кеңештин жыйынында кеңештин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман билдирди.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы 10 жылда Кыргызстанга түз инвестициянын көлөмү 8.75 млрд долларды, ал эми мекендештерден түшкөн кирешенин көлөмү 22.9 млрд долларды түздү, деп белгиледи Рахман.

“Мигранттар өз үй-бүлөсүнүн гана эмес, жалпы өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошууда. Ошондуктан, эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүп, жардам берүү зарыл”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева.

Бүгүнкү күндө 150дөн ашык кыргыз диаспоралары башка өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатышат. Эң чоңу Россияда.

Миграция маселелерин талкуулоодо Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек мигранттары туш болгон бир катар көйгөйлөрдү айтып, тиешелүү министрликтерди биргелешип иштөөгө чакырды. Ал эми депутат Надира Нарматова миграция маселеси боюнча өзүнчө министрлик түзүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте таштанды өрттөгөндөргө 2,38 млн сом айып пул салынды

Бишкекте таштанды өрттөгөндөргө 2,38 млн сом айып пул салынды

Бишкек муниципалдык инспекциясы суук түшүү менен экологияны коргоо жана жылытуу мезгилинде мыйзам бузууларды алдын алуу чараларын күчөттү. Акыркы жумада шаарда унаа майларын, тиричилик таштандыларын жана башка тыюу салынган материалдарды өрттөө фактылары катталган. Муниципалитеттен билдиришкендей, инспекция мончолордо, сауналарда, ишканаларда жана жеке менчик объектилерде рейддерди жүргүзүп, тигүү өндүрүшүнүн калдыктары, автоунаа майлары, боёк

Аймактарда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу арбындады

Аймактарда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу арбындады

КРнын Улуттук статистика комитетинин “Кыргыз Республикасы жана региондорундагы абал” тууралуу ар бир квалтал сайын берүүчү маалыматына караганда, өлкөнүн 7 дубанында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу арбындады. Былтыркы жылдын үчүнчү кварталына чейин өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 415 920,0 сом болсо, быйыл 2025-жылдын үч кварталында 511 430,3

"Менин шаарым" тиркемесинде муниципалдык менчикти ижарага алуу функциясы пайда болду

"Менин шаарым" тиркемесинде муниципалдык менчикти ижарага алуу функциясы пайда болду

Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борбору "Менин шаарым" тиркемесинде "Муниципалдык менчикти ижарага алуу" аттуу жаңы функция ишке киргенин маалымдайт. Бул функция ижарачылардын ыңгайлуулугу үчүн иштелип чыккан. Ал убакытты үнөмдөөгө, мекемелерге барып кагаз документтер менен иштөө зарылдыгын жоюуга жардам берет. Жаңы функция аркылуу колдонуучулар: Ижара келишимдерин көрө

IV Элдик Курултайга даярдык көрүү боюнча жыйын өттү

IV Элдик Курултайга даярдык көрүү боюнча жыйын өттү

Мамлекеттик катчы Марат Иманкуловдун төрагалыгы алдында Элдик Курултайга даярдык көрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйында IV Элдик Курултайга даярдык көрүүчү негизги маселелер жана аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө багытталган чаралар талкууланды. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Курултай коом