Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда арзан турак-жай курууга 100 млн доллар бөлүшү мүмкүн
Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда арзан турак-жай куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга 100 млн доллар бериши мүмкүн. Бул тууралуу МИКтин басма сөз кызматы билдирди.
Уюмдун маалыматына ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания арзан турак жай куруу үчүн инвестиция тартуу боюнча чет элдик инвесторлор менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Сауд өнүктүрүү фондунун (СӨФ) өкүлдөрү менен сүйлөшүү онлайн режимде өттү.
Онлайн-жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргызстанда турак жайды каржылоо программасы» долбооруна СӨФ каражаттарынан 100 млн доллар бөлүү тууралуу талкуу болду. Бул каражаттарды Кыргызстандын калкы үчүн жеткиликтүү турак жайларды курууга жумшоо пландалып жатат.