«Альянс Алтын» компаниясы 2022-жылы 4150 кг алтын казып алды

«Альянс Алтын» компаниясы 2022-жылы 4150 кг алтын казып алды

Жерүй кенин иштетип жаткан “Альянс Алтын” компаниясы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча планды ашыра аткарып, пландагы 4 миң килограммдын ордуна 4 миң 150 кг алтын өндүргөн.

Компаниянын маалыматы боюнча, жыл ичинде алтын өндүрүү 30%га өскөн, ал эми техникалык калыбына келтирүү көрсөткүчтөрү 2021-жылдагы 89.3%дан 90.2%га өскөн. Компания 2023-жылы да сапаттык көрсөткүчтөрдү жакшыртууну пландаштырууда.

“Даяр продукцияны чыгарууну болжол менен 10%га, тагыраак айтканда, 4 300-4 400 килограммга чейин көбөйтүү пландаштырылууда. Кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу жана экологиялык коопсуздукту жогорулатуу боюнча жабдуу жана соргуч вентиляциясын, жумуш орундарын модернизациялоо, кошумча кеңселерди ачуу сыяктуу бир катар иш-чаралар каралууда”, – дейт компания.

Мындан тышкары окуңуз

Камбар-Ата-1 ГЭСиндеги коррупция боюнча экс-депутат К. Сулайманов кармалды

Камбар-Ата-1 ГЭСиндеги коррупция боюнча экс-депутат К. Сулайманов кармалды

Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузуу фактылары аныкталганын УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. (Кундузбек Сулайманов) жана подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иш материалдарынан көрүнүп тургандай, С.

1-класска кабыл алуу: Бишкекте эмне үчүн бир нече мектептин ичинен тандоого болбойт?

1-класска кабыл алуу: Бишкекте эмне үчүн бир нече мектептин ичинен тандоого болбойт?

2026/27-окуу жылына карата Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарына окуучуларды каттоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилгенин Билим берүү министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2025/26-окуу жылында 12 жылдык билим берүү системасын этап-этабы менен киргизүүгө жана бир эле учурда 1- жана 2-класстарга кабыл алуу жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу айрым мектептерде орун жетишсиздиги жаралган. Бул кырдаалды

Кыргызстан Euronews менен кызматташат

Кыргызстан Euronews менен кызматташат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Euronews” телеканалынын президенти Педро Варгас Давид менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүү жана Кыргызстан тууралуу маалыматты эл аралык деңгээлде жайылтуу маселелери талкууланды. Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан учурда динамикалык өнүгүү жолунда болуп, эл аралык коомчулук менен ачык диалогду

Каракол мал базары толук дезинфекцияланды

Каракол мал базары толук дезинфекцияланды

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча регионалдык кызматкерлери менен Каракол шаардык ветеринария, айыл чарба, жайыт жана тоют кызматынын кызматкерлери, Каракол шаардык мэриясынын тазалык ишканасынын техникаларын колдонуу менен муниципалдык мал базарында 5%дык хлорлуу акиташ менен дезинфекция иштерин жүргүзүштү. Бул иш-чара Каракол шаарындагы мал базардын аймагында санитардык абалды жакшыртууга