2022-жылы алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы эң көп Нарында кымбаттады - 43%га көтөрүлдү

2022-жылы алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы эң көп Нарында кымбаттады - 43%га көтөрүлдү

Өткөн жылы Кыргызстан боюнча эң кымбат керектөө баалары Нарында байкалды. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Өткөн жылдын январь-декабрь айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды.

Мында баалардын максималдуу өсүшү (18.4%га) Нарын облусунда катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын бааларынын өсүшү (43.3%га) менен шартталды.

2022-жылдын январь-декабрь айларында (2021-жылдын декабрь айына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 14.7%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

BCG өкүлү менен Кыргызстандагы темир жол долбоорлору талкууланды

BCG өкүлү менен Кыргызстандагы темир жол долбоорлору талкууланды

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев "Бостон Консалтинг Групп" компаниясынын өкүлү Андрей Лукьянов менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда өлкөнүн темир жол инфраструктурасынын потенциалы, "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол линиясы жана "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал" маршруту боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле тараптар инвестициялык долбоорлорду

"Жасмин" кафесинин ээси объектти мамлекеттик менчикке өткөрүүгө даяр – Г.Акимбаева

"Жасмин" кафесинин ээси объектти мамлекеттик менчикке өткөрүүгө даяр – Г.Акимбаева

Белгилүү "Жасмин" кафесинин ээси объектти мамлекеттик менчикке өткөрүүгө даяр экенин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гульнара Акимбаева билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарынын "Аламүдүн" кичи районунда жайгашкан кафе шаар бийлигинин чечимине ылайык бузулууга тийиш болгон. "Ээси объектти мамлекетке берүүгө даяр экенин билдирүүдө, бирок алты ай мөөнөткө жылдырууну

Араван районунда арзан жер семирткич сатуучу дүкөн ачылды

Араван районунда арзан жер семирткич сатуучу дүкөн ачылды

Араван районунда “Элдик” агрардык дүкөнү ачылды. Аталган дүкөн дыйкан-фермерлерди колдоо максатында мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен жеке ишкердин ортосунда ишке ашырылды. Бул жерде Араван районундагы дыйкандар үчүн арзан баадагы сапаттуу үрөн, жер семирткичтердин түрлөрү сунушталат. Бүгүнкү күндө бул жерде органикалык

ИИМ: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев коррупцияга шектелип кармалды

ИИМ: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев коррупцияга шектелип кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев коррупцияга шектелип кармалганы тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кылмыш иши Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын материалдарынын жана аудитордук текшерүүнүн негизинде, "Кыргызнефтегаз" ААКсындагы коррупция фактысы боюнча козголгон. ИИМдин маалыматына ылайык, тергөө иштеринин жүрүшүндө мурда Жогорку Кеңештин депутаты кызматын аркалаган Шаирбек