2022-жылы республикада 441 миң тонна эт өндүрүлдү - 3%га көп
2022-жылдын жыйынтыгы менен республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 441.2 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12.2 миң тонна, же 2.9%га көбүрөөк өндүрүлгөн.
Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби – кой, эчки жана үй канаттууларынан тышкары, малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу болгон.
Быйыл Кыргызстан эт азыгы менен өзүн 89%га камсыз кылды
Бул жылы дыйканчылык азыктарынын экспорту 145%га, мал чарбасынын азыктары 350%га өстү