Кыргызстандан экспорттук жүк ташуу 72%га өстү – негизинен Россия багытына

Кыргызстандан экспорттук жүк ташуу 72%га өстү – негизинен Россия багытына

Кыргызстанда 2022-жылы эл аралык экспорттук жүк ташууга болгон суроо-талап өскөнү (+72%) байкалган. Мындай маалыматты эл аралык жүк ташуучу ATI.SU биржасы билдирди.

Биржанын билдиргенине караганда, Кыргызстандан жөнөтүлгөн жүк ташуулар боюнча суроо-талаптардын саны бир жылда 72%га өскөн, ошол эле учурда баалар да (+31%) өскөн. Жылдын биринчи жарымында өтө жакшы көрсөткүчтөр байкалбаганы менен, жайдын ортосунан баштап күчтүү туруктуу өсүш башталган. Эң чоң жылыш биржада июль айында (өтүнмөлөрдүн саны боюнча +189%), август (+239%) жана декабрда (+179%) катталган.

“Негизги суроо-талап дээрлик эки эсеге өсүп, ал Россия багытына болгон. Россия жарым-жартылай батыш импортунун кыскарышын компенсациялады. Россия багытындагы ушундай эле көрүнүш Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да байкалат. Кыргызстандан Беларуска жүк ташуу да бир нече эсеге көбөйгөн. Бирок Казакстанга товар жеткирүү тескерисинче, бир аз кыскарды. Буга чек арадагы кезек күтүүлөр, жыл башындагы кошуна өлкөдө болгон тополоң себеп болушу мүмкүн”, – деп айтылат маалыматта.

Импорттук жана ички трафик боюнча өтө орточо өсүш байкалган. Кыргызстанга товарларды жеткирүү боюнча кайрылуулардын саны 12%га өскөн.

Россиядан Кыргызстанга жүк ташууга болгон суроо-талап 11%га өстү, ошондой эле республикага товарлар Казакстан, Өзбекстан жана Кытайдан келген. Бирок Түркиядан, ошондой эле Европанын бир катар өлкөлөрүнөн товарларды КРга ташуу бир аз төмөндөгөн.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан