Кыргызстандык Сайкал Жунушова Европадагы 8 мыкты архитектор айымдардын тизмесине кирди

Кыргызстандык Сайкал Жунушова Европадагы 8 мыкты архитектор айымдардын тизмесине кирди

Кыргызстандык Сайкал Жунушова эл аралык DIVIA AWARD 2023 сыйлыгына көрсөтүлгөн Европадагы 8 архитектор аялдын тизмесине кирди, алардын үчөө Швейцариядан. Бул тууралуу ата мекендик порталдардын бири билдирди.

Жыл сайын берилүүчү сыйлык архитектура тармагында жогорку натыйжаларга жетишкен же укмуштуудай чечимдерди ойлоп тапкан жаш айымдарга берилет. Жунушова Швейцариядан көрсөтүлгөн үч айымдын бири болгон.

Кыргызстандык Сайкал Жунушова учурда Швейцарияда жашайт. 2017-жылы ал Винтертур шаарында Oekofacta архитектуралык фирмасын негиздеген жана ал долбоорлорунда дайыма чопо жана жыгач сыяктуу табигый материалдарды колдонууга аракеттенет.

Швейцарияда, Кыргызстанда да бир убакта иштеп жаткан Сайкал жаш кыргыз архитекторлоруна туруктуу курулуш боюнча окуу курстары жана семинарлар аркылуу билим берип, аларга таасир этүүгө үмүттөнөт. Азыр Сайкал Лихтенштейн университетинде студенттерге сабак берет. Анын жумуштарын Сайкалдын бул баракчасынан көрсөңүз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл жерлериндеги ветеринарларга кошумча төлөмдөр берилет

Айыл жерлериндеги ветеринарларга кошумча төлөмдөр берилет

Ветеринардык кызматтын кызматкерлерине атайын фонддун эсебинен кошумча төлөмдөр берилерин Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. "Жайында көптөгөн уйлар ооруп, атүгүл эмдөө да жардам берген жок. Бул айрым деңгээлде Ветеринардык кызматтын ишине байланыштуу. Тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн чара көрүү керек", — деди депутат Салтанат Аманова.

А.Навои паркында 2 миң көчөт отургузулат

А.Навои паркында 2 миң көчөт отургузулат

Ош шаарында А.Навои атындагы паркына 2 миңге жакын көчөт отургузулуп жатканын муниципалитеттен билдиришти. Көчөттөрдүн ичинде ясень, кара жыгач, катальпа жана жашыл жалбырактуу клен дарактары бар. Белгилей кетсек, буга чейин шаар башчысынын тапшырмасы менен аталган парктагы бир катар соода-сатык күркөлөрү жана эскилиги жеткен имараттар алынып салынып, шаар тургундары үчүн заманбап

Ысык-Көл облусу келечекте толугу менен тамчылатып, чачыратып сугарууга өтөт

Ысык-Көл облусу келечекте толугу менен тамчылатып, чачыратып сугарууга өтөт

Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып, чачыратып сугаруу ыкмасына өтөрүн МинКаб төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Министр белгилегендей, жакында чачыратып, тамчылатып сугаруу системасына өткөн дыйкан-фермерлерге 2%дык жеңилдетилген насыялар бериле баштайт. Ошондой эле ал Ысык-Көл облусу

Эми "i-Dyikan" платформасы менен фермерлер насыя үчүн онлайн кезекке тура алышат

Эми "i-Dyikan" платформасы менен фермерлер насыя үчүн онлайн кезекке тура алышат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" менен биргеликте фермерлерге жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек жакын арада ишке кирерин жарыялады. Ведомствонун маалыматына ылайык, жаңы санариптик механизм Министрликтин техникалык оператору — "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеситарабынан иштелип чыгып, "