«Кыргызстандын юристтери» ассоциациясы башкармалыктын жаңы курамын бекитти

«Кыргызстандын юристтери» ассоциациясы башкармалыктын жаңы курамын бекитти

Үстүбүздөгү жылдын 13-январында “Кыргызстандын юристтери” ассоциациясынын мүчөлөрүнүн кезектеги жалпы чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Жыйында күн тартибинде төраганын жана Башкармалыктын 2021-2022-жылдарга аткарган иштери тууралуу отчету каралып, 2023-2024-жылдарга жаңы төрага жана башкармалыктын мүчөлөрү шайланды.

Шайлоонун жыйынтыгы менен Кеңештин жаңы курамы жана төрагасы бекитилди:

  • Камил кызы Гузель – Башкармалыктын төрайымы
  • Абакирова Асель – Кеңештин мүчөсү
  • Иманалиева Наргиза – Кеңештин мүчөсү
  • Какешов Бакыт – Кеңештин мүчөсү
  • Каныбекова Бактыгүл – Кеңештин мүчөсү
  • Кайбылдаева Бегайым – Кеңештин мүчөсү
  • Мадалиев Рустам – Кеңештин мүчөсү
  • Океева Чынара – Кеңештин мүчөсү
  • Элебесов Аскар — Кеңештин мүчөсү.

“Кыргызстандын юристтери” ассоциациясы КРдагы юристтердин эң ири бирикмеси болуп саналат жана аталган коомдук уюм өлкөдөгү укук маселесине байланышкан бир катар темаларда юридикалык форумдарды, тегерек столдорду жана иш-чараларды өткөрүп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл жерлериндеги ветеринарларга кошумча төлөмдөр берилет

Айыл жерлериндеги ветеринарларга кошумча төлөмдөр берилет

Ветеринардык кызматтын кызматкерлерине атайын фонддун эсебинен кошумча төлөмдөр берилерин Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. "Жайында көптөгөн уйлар ооруп, атүгүл эмдөө да жардам берген жок. Бул айрым деңгээлде Ветеринардык кызматтын ишине байланыштуу. Тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн чара көрүү керек", — деди депутат Салтанат Аманова.

А.Навои паркында 2 миң көчөт отургузулат

А.Навои паркында 2 миң көчөт отургузулат

Ош шаарында А.Навои атындагы паркына 2 миңге жакын көчөт отургузулуп жатканын муниципалитеттен билдиришти. Көчөттөрдүн ичинде ясень, кара жыгач, катальпа жана жашыл жалбырактуу клен дарактары бар. Белгилей кетсек, буга чейин шаар башчысынын тапшырмасы менен аталган парктагы бир катар соода-сатык күркөлөрү жана эскилиги жеткен имараттар алынып салынып, шаар тургундары үчүн заманбап

Ысык-Көл облусу келечекте толугу менен тамчылатып, чачыратып сугарууга өтөт

Ысык-Көл облусу келечекте толугу менен тамчылатып, чачыратып сугарууга өтөт

Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып, чачыратып сугаруу ыкмасына өтөрүн МинКаб төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Министр белгилегендей, жакында чачыратып, тамчылатып сугаруу системасына өткөн дыйкан-фермерлерге 2%дык жеңилдетилген насыялар бериле баштайт. Ошондой эле ал Ысык-Көл облусу

Эми "i-Dyikan" платформасы менен фермерлер насыя үчүн онлайн кезекке тура алышат

Эми "i-Dyikan" платформасы менен фермерлер насыя үчүн онлайн кезекке тура алышат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" менен биргеликте фермерлерге жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек жакын арада ишке кирерин жарыялады. Ведомствонун маалыматына ылайык, жаңы санариптик механизм Министрликтин техникалык оператору — "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеситарабынан иштелип чыгып, "