ОКӨФ быйыл жалпы суммасы 64 млн долларга 27 долбоорду ишке киргизет

ОКӨФ быйыл жалпы суммасы 64 млн долларга 27 долбоорду ишке киргизет

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) 2023-жылы жалпы суммасы 64 млн долларга 27 долбоорду ишке киргизет. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы ОКӨФ кредиттөө жана инвестициялык ишмердүүлүктү күчөтүп, жалпы суммасы 165 млн долларга 44 жаңы түз каржылоо инвестициялык долбоорлорун бекитти, бул 2021-жылга карата 6 эсеге көп. 2022-жыл ичинде Фонд жалпы суммасы 64 млн доллар өлчөмүндө кредиттерди берди, бул 2021-жылга карата 43% өсүштү билдирет. 

“2022-жыл ичи жалпы суммасы 20 млн долларга 12 инвестициялык долбоор ишке киргизилген. Учурда Фонд мурда бекитилген долбоорлорду каржылоону улантууда, 2023-жылы Фонд жалпы суммасы 64 млн долларга 27 долбоорду жана 2024-жылы жалпы суммасы 133 млн долларга 5 долбоорду ишке киргизет” – Бакыт Төрөбаев. 

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан