Быйыл төрт көмүр кенин «Кыргызкөмүргө» берүү каралууда
Кыргызстандагы үч-төрт көмүр кенин “Кыргызкөмүр” МИге берүү каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, түндүк регионунда Кара-Кеченин көмүрү 4 миң сомдон сатылууда.
“Түштүктө болсо тоннасы 12 миңге чейин чыкты. Алып сатуучулар бул жердеги 4 миң сомдук көмүрдү алып барышып, 5 жарым миң сомдон сатып жатышат. Ошто көмүр 9-12 миң сомдон сатылууда. Биз ал жерде эч кандай таасир эте албайбыз. Ошондуктан кечээ эле 3-4 көмүр кенин “Кыргызкөмүргө” өткөрүү тууралуу маселени талдап чыктык”, – деди министр.