Бишкекте OZON компаниясынын сорттоо борбору ачылды

Бишкекте OZON компаниясынын сорттоо борбору ачылды

Кечээ, 19-январда “Эл аралык алмашуу орду – Аламүдүн (ММПО Аламүдүн) почтасы» электрондук коммерциясынын почта-логистикалык комплексинин жана сорттоочу OZON борборунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Иш-чарада министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова куттуктоо сөзүн сүйлөп, «Эл аралык алмашуу орду – Аламүдүн (ММПО Аламүдүн)» «Кыргыз почтасы» ААКсынын электрондук коммерциясынын почта-логистикалык комплексинин жана OZON сорттоо борборунун электрондук соода тармагын өнүктүрүүдөгү ордун жана маанисин белгиледи. 

«Анткени, электрондук коммерциянын аркасы менен бизнести, айрыкча соода тармагында баштоо оңой. Бул рыноктун бардык катышуучуларына жергиликтүү жана дүйнөлүк деңгээлде атаандаша ала турган соодага бирдей мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторунун ортосундагы товарлардын логистикасын жеңилдетет», – деди министрдин орун басары.

OZON борборунун Бишкектеги кеңсеси “Ололо” Эркиндик коворкинг борборунда Эркиндик проспектиси, 64б дарегинде жайгашкан.

Ал эми базардан товарларды жана посылкаларды кабыл алуу жана жеткирүү пункттары Бишкек шаарында «Кыргыз почтасы» ААКсынын филиалдарында төмөнкү даректер боюнча иштеп жатат: Киев көчөсү, 114, Ч. Айтматов пр.61а, Манас пр.7 Орозбеков көч.1а, Токтогул көч, 247, Сүйүмбаева көч. 142, Киев көч. 39, Чүй пр., 96.


Ozon – алдыңкы мультикатегориялуу маркетплейс жана Россиядагы эң ири интернет-компаниялардын бири. Аянтчада 20дан ашык категориядагы китептерден, кийимдерден тамак-аш жана ден соолук үчүн товарларга чейин 150 миллиондон ашык продуктылар бар.

Мындан тышкары окуңуз

Мэрия жыл бою иштөөчү теннис паркын курууга жеке өнөктөш тапты

Мэрия жыл бою иштөөчү теннис паркын курууга жеке өнөктөш тапты

Бишкек шаарында "Тай-Брейк" кортторунун базасында "Теннис Парк" жыл бою иштээрлик теннис комплексин реконструкциялоо жана куруу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору үчүн жеке өнөктөш тандоо конкурсу өткөнүн муниципалитеттин маалымат кызматы маалымдады. Конкурстун экинчи баскычына катышууга  "Теннис Парк" ЖЧКсы компаниясы кабыл алынып, өзүнүн каржылык жана техникалык

2025-жылы Туризм фондунда 56,1 млн сом дебитордук карыз кайтарылган

2025-жылы Туризм фондунда 56,1 млн сом дебитордук карыз кайтарылган

Бишкекте бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрликтин коллегиясы болуп, анда "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун" 2025-жылга карата ишмердүүлүгү талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Фонддун башкы директору Адилет Джанузаков акыркы жылдары фонд ишмердүүлүгүн башкаруунун жаңы моделине өтүп, каржылык тартипти бекемдөөгө жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга басым жасалганын билдирди. Финансылык

Өлкө башчы УКМКнын орун басарларын кызматтан бошотту

Өлкө башчы УКМКнын орун басарларын кызматтан бошотту

Президент Садыр Жапаров УКМКнын бардык орун басарларын кызматтан бошотту. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын бир нече орун басары кызматтан бошотулган. Атап айтканда, кызматтан бошотулган адамдар: * УКМКнын биринчи орун басары Курванбек Авазов; * УКМКнын орун басары, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору Даниэль Рысалиев; * УКМКнын орун басары, Антитеррордук борбордун директору

Быйыл Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулат

Быйыл Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Ош шаарында курула турган жаңы мектептер боюнча жумушчу жыйын өттү. Ош шаардык мэриясынан билдиргендей, жыйында 2026-жылы курулушу пландалган 10 мектептин долбоорлору, курулуш аймактары, инфраструктуралык камсыздоо, курулуш иштеринин этаптары жана мөөнөттөрү талкууланды. Жер тилкелеринин