Доллардын расмий курсу 86 сомдон, евро 93 сомдон ашты
Улуттук банк 21-январдан тарта дем алыш күндөрү күчүнө кире турган чет элдик валюталардын сомго карата расмий курстарын аныктады.
Берилген маалыматтарга караганда, доллар, евро, рубль жана теңгенин сомго карата курсу жогорулады. Кыргызстанда доллардын расмий курсу 86 сомдон, евронун расмий курсу 93 сомдон ашты.