Бүгүн алмашуу бюролору, комбанктар доллардын курсун бирдей коюшту - 86.20-87.20
🧪 Это тестовый блок AI
Скоро здесь будет умный функционал.
Бүгүн, 23-январда түшкө карата Кыргызстанда доллардын рыноктук курсун бардык коммерциялык банктар жана алмашуу бюролору бирдей коюшту. 1 доллардын курсу 86.20-87.20 (сатып алуу-сатуу) деп белгиленди.
Valuta.kg сайты маалымдагандай, Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын орточо курсу да дал ошондой болууда.
Ал эми 1 евронун алуу курсу — 93.90 жана сатуу — 94.90 сомдон болууда, бирок комбанктарда сатуу 95 сомдон ашып жатканын көрүүгө болот.
Улуттук банктын койгон доллардын расмий курсу 86.0799 сом өлчөмүндө белгиленди.